Шашылыш кабар:

Жалал-Абад шаарынын бюджети талкууланды

Июль 12th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Жалал-Абад шаарынын бюджети талкууланды
Кыска кабар
0

Бүгүн, 12-июлда Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп, анда шаардык бюджеттин келечеги талкууланды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сессия депутаттык курамга жаңы депутаттын келиши менен башталды. Мураталы Тагаев шаар мэри болуп шайланганына байланыштуу мандатын тапшырып, анын ордуна «Ата Журт» фракциясынан Заттарбек Боронбаев келди.

Сессияда негизинен Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга долбоору жана 2020-2021-жылдарга божомолу тууралуу маселе каралды. Депутаттар шаардын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга болжолун 338 миллион сом менен жактырышты. Бул быйылкы жылдагы бюджеттин көлөмүнөн 10 миллион сомго көптүк кылат.

Ошол эле кезде шаардык кеңештин депутаттары шаар казынасын толтуруу, киреше булагын арттыруу, бүгүнкү күнгө чейин төлөнбөй келген салыктарды тактоо жана жыйноо багытында бир катар талаптарын коюшту. Эми шаардык каржы башкармасы тийиштүү мекемелердин жетекчилери менен биргеликте тактоолорду жана толуктоолорду жүргүзүп, ал талаптарды аткарууга тийиш.

Жыйынтыгында тийиштүү токтомдор кабыл алынды.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache