Шашылыш кабар:

Балдарга мечитке жалгыз барууга тыюу салуу сунушталды

Балдарга мечитке жалгыз барууга тыюу салуу сунушталды
Коом
0

Документте медреселерди милдеттүү түрдө лицензиядан өткөрүү, намазканаларды каттоого алуу жана жашы жете элек балдарга мечиттерге өз алдынча барууга бөгөт коюу сындуу сунуштар бар.

«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2017-жылы парламенттеги тиешелүү комитеттин кароосунан өткөн. Анда документтеги айрым сунуштар депутаттардын сынына кабылып, Дин иштери боюнча комиссиясы мыйзамды чакыртып алган. Сын-пикирлерден улам ага алымча-кошумчалар киргизилип, мыйзам кайрадан коомдук талкууга коюлду.

Дин иштери боюнча комиссиянын директору Зайырбек Эргешов сунушталып жаткан мыйзамда медреселерди милдеттүү түрдө лицензиядан өткөрүү жана намазканаларды каттоо демилгелери киргизилгенин кабарлады.

— Аракеттеги мыйзам боюнча намазканалар каттоодон өткөн эмес. Каттоодон өтпөгөндөн кийин ал мыйзамсыз иш алып барат деген сөз. Жаңы мыйзамда аларды дагы каттоодон өткөрүү көрсөтүлгөн. Болгону көзөмөл болсун деген эле максат. Аларды жабуу жөнүндө сөз жок.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматында Кыргызстанда 114 диний окуу жайы бар. Эгер сунушталган мыйзам колдоо тапса медреселердин диний билим берүү программаларында мыйзамга каршы келүүчү радикалдык көз караштар жана чакырыктар жок экендиги тастыкталгандан кийин гана алардын иштөөсүнө укук берилет. Теолог Улан Усупов медреселерди лицензиядан өткөрүү мажбурлоо жолу менен эмес, баскыч-баскычы менен болушу керек деп эсептейт. Ошондой эле намазканаларды дагы каттоого алууда жеңилдиктер болушу керектигин айтат.

— Мечитти каттоодон өткөрүү үчүн атайын талаптар бар. Ал эми намазканаларды каттоого алууда кичине жеңилдетилген тартипте болсо болот. Анткени элдер мечит жок жерлерде чогулуп алып намаз окуп жатышат. Ушул жерде намазкана бар деп мамлекет билип турушу керек.  

«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунда чет жактан диний билим алуу маселеси дагы бар. Ага ылайык чет мамлекеттерге диний окууга бара тургандар Кыргызстанда жалпы орто билимди же баштапкы диний билимди сөзсүз алышы зарыл болот.

Ошондой эле дин иштери боюнча мамлекеттик органга билдирип анан кетүү каралган. Парламенттеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрага орун басары, депутат Тазабек Икрамов сунушталып жаткан демилгелерди колдойт.

— Мамлекет тарабынан сөзсүз көзөмөл болушу керек. Анткени учурда Кыргызстанда диний агымдар көп да. Аларга азгырылып туура эмес илим алып калбаш керек. Ошондуктан жаш балдарды деле мечитке ата-энеси, байкелери алып барып кайсы агымда, биздин масхабда кетип баратабы көзөмөлдөгөнү туура.

Жаңы мыйзам долбоорунда жашы жете элек балдарды анын жакындары жок өз алдынча мечитке баруусуна тыюу салуу дагы камтылган. Башкача айтканда 16 жашка чейинки балдар диний ибадатканаларга өзү жалгыз бара албай калат. Анткен менен «Ыйман» фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бул сунушу чоң талкууга жол ачарын, андыктан ал кайра каралып чыгышы керек деген ою менен бөлүштү.

— Негизи дин боюнча кыз киши 9 жаштан, эркек бала 12 жаштан балакатка жетет. Мисалы ушул эле куракта түнкү клубдарга барган, спорт залга өз алдынча барган балдар бар. Ушул эле жаштагы өз алдынча саякаттап жүргөн балдар бар. Бирок эмне үчүн дин маселесине келгенде эле тыюу салыш керек деген маселе жаралышы керек? Ошондуктан мыйзамды кабыл алардан мурун бул жобо депутаттардын арасында чоң талаш болот. Балким ушул бөлүмү кайра анализден өтүш керек деп эсептейм.  

Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр тууралуу азырынча үн ката элек. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы болсо мыйзам боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Муфтийдин орун басары Замир Ракиев жаңы мыйзамдын долбоору боюнча жакында Муфтиятта жыйын болорун, ошондо өз пикирлерин айтышарын маалымдады.

— Кайсы жерлери келечекке зыян келтирип коюшу мүмкүн, кайсы жерлери пайдалуу экенин талкуулап, өз пикирибизди билдиребиз. Ага Аалымадар кеңешинин өкүлдөрүн, диний коомдук уюмдардан кишилерди чакырабыз. Ошол жерде анан пикирлерибизди толук айтабыз.

«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам 2008-жылдын аягында кабыл алынган. Кийин 2011-жылы жана 2012-жылдары өзгөртүү, толуктоолор киргизилген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache