Шашылыш кабар:

Түркияда 72 киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Июль 12th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Түркияда 72 киши өмүр бою эркинен ажыратылды
Дүйнө кабарлары
0

Стамбул шаарынын соту 2016-жылы мамлекеттик төңкөрүш жасоого тийиштиги бар деп айыпталган 72 кишини өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу NTV телеканалы кабарлады.

Маалыматка ылайык, сот отурумунда 72 айыпкер өмүр бою, 22си 17,7 жылдан, бешөө 15 жылдан эркинен ажыратылды.

Эске салсак, 2016-жылы 16-июлда Түркияда аскердик төнкөрүшкө аракет болгон. Натыйжада 240тан ашык жаран каза болуп, 2 миңден ашык киши түрдүү жаракаттарды алган.

Андан бери Түркияда 50 миңден ашык киши камакка алынып, 160 миңден ашык мамлекеттик кызматкерлер жана аскерлер иштен четтетилген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache