Биз менен байланышыңыз

Мурунку судья Элвира Жаркеева камакка алынды

Кыска кабар | 24 Дек 2018 | 876 | 0

22-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна Свердлов райондук сотунун мурунку судьясы Элвира Жаркееванын кармалуусунун мыйзамдуулугун текшерүү жана баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча УКМКдан арыз келип түшкөн. Соттун токтому менен шектүүнүн кармалуусу мыйзамдуу деп табылып, ал тергөө иштерине байланыштуу 2019-жылдын 12-январына чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Жогорку сот маалымдады.

Элвира Жаркеева жана тегерегиндеги бир нече жаранга карата кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан ноябрь айында козголгон болчу. Башкы прокуратура кабрлагандай шектүүлөргө «коррупция», «пара алуу»,  «пара берүү» жана «пара берүүгө ортомчулук кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматка ылайык Жаркеева кылмыштуу топко бир ОсООнун 100% үлүшүн бардык мүлкү менен өткөрүп берүү чечимин чыгарып, алардан пара алган.  Каршы тараптын арызынын негизинде Жаркеева үстүбүздөгү жылдын август айында мөөнөтүнөн мурун кызматтан алынган болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM