Шашылыш кабар:

Түркиялык дарыгерлер акысыз кеңеш беришет

Июль 12th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Түркиялык дарыгерлер акысыз кеңеш беришет
Ден соолук
0

Түркиянын Окан университетинин алдындагы тажрыйбалуу адистер Кыргызстандагы онкология менен ооругандарга акысыз кеңеш берет. Эки күндүн ичинде дарыгерлер өлкө аймагындагы бейтаптардын дарты менен таанышып, тажрыйба бөлүшөт. Мындай мүмкүнчүлүктү Medical Life компаниясы түзгөн. Алардын айтымында аталган дартты дарылоо ыкмасы улам жаңыланып, жаңы технологияга байланышып жаткандыктан, чет өлкөлүк адистердин тажрыйбасы маанилүү.


УЗИге текшерсе башка ооруну айтып жатышат. Так диагноз кое алышпагандыктан, 1 жумадай күттүк. Азыр да так чыга элек. Ошондуктан, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын да угалы дедик. Дарыгерлер да айтышты. Анын ичинен биз үчүн Түркия виза жана жол кире жагынан ыңгайлуу болгондуктан ошол жак туура келип жатат.

Нурзат айым агасынын дарты менен тең алышып, дартына дабаа издеп, барбаган жери калган жок. Акыркы мүмкүнчүлүктөр чет өлкөдө деп, Түркиядан келген адистерден кеңеш суроо үчүн келген.

Ушундай эле суроо менен Анапия айым эжесинин дарыгери жазган кагаздарын көтөрүп, шыпаа издеп келген. Бир боорунун күн сайын салмагы азайып жаткандыктан, чет өлкөдө дарылоонун химия терапиядан башка ыкмалары менен таанышайын деп, үмүт менен келген.

Дарыгерлер химиялык дарылоону сунушташты. Анын азыркы салмагы аны көтөрө албайт. Азыр түтүк менен тамак берип жатабыз. Изилдеп көрсөк нур терапиясы туура келчүдөй, бирок ал да башка органдарды талкалайт деп жатышат. Айла жок, ошол боюнча сурайын деп келдик.

Адистердин айтымында дүйнө жүзү боюнча рак илдетинин көрсөткүчү жыл санап өсүүдө. Бул илдеттин пайда болуу себебинин бири тукум куучулук болсо, экинчиден туура эмес тамактануу жана туура эмес жашоо образы дешет. Өзгөчө аялдар арасында көкүрөк рагы басымдуулук кылса, эркектердин көпчүлүгү өпкө, ашказан рагына чалдыгышат. Түркиядан Кыргызстандагы онкология оорулууларга адистик кеңешин берүү үчүн келген Окан университетинин жетекчиси, онкологиялык дарттар боюнча дарыгер Тайфун Ханжылардын айтымында Кыргызстанда онкологиялык оорулар менен курөштүн алкагында жакшы жыйынтыктар болуп жатат. Бирок күн сайын технология өнүгүп жаткандыктан, ушул багытта артта калуулар бар дейт.

Мисалы Түркияда акыркы 10 жылдын ичинде онкологиялык оорулар менен күрөшүү максатында чоң иштер жасалды. Эч кандай операциясы жок эле, шишикти жоготуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болгон. Бул багытта алып караганда мүмкүнчүлүктөр жакшыраак. Бирок белгилеп кетүүчү жагдай адистердин тажрыйбасы жакшы, бирок бүгүнкү күндө дарылоо көпчүлүк учурда технология менен байланыштуу болуп жатат.

Ал эми профессор, онколог Абуд Кебуди жыл сайын көкүрөк рагына кабылгандар көбөйүп жаткандыгын айтат. Бүгүнкү күндө бул дарттын пайда болушунун 85% белгисиз болсо, 15% жашоо образынан, тукум куучулук факторуна байланыштуу. Түркиялык мамолог рактын бул түрүнө кабылгандарды өз убагында аныктоо менен айыктырууга болот дейт.

-Азыр жаңы технология менен дартты толугу менен жок кылуу мүмкүн. Бирок эрте аныктоо керек. Мурда шишикти алуу үчүн көкүрөктү кесишсе, азыр шишикти гана алып, ал органды сактап калууга мүмкүн. Бирок эгерде шишик чоң болсо, анда алып, ичине протез коюлат. Органдын формасын сактап калуу бейтапка психологиялык жактан таасирин берет.

Бейтаптарга чет өлкөлүк дарыгерлердин тажрыйбасынан колдонуу мүмкүнчүлүгүн бул ирет Medical Life компаниясы түздү. Учурда Түркиянын, Түштүк Кореянын жана Индиянын дарыгерлери менен кызматташып келишет. Компаниянын жетекчиси Нурсейит Мамыровдун айтымында кайрылгандардын көпчүлүгү Түркиянын медицинасы боюнча келишет. Өзгөчө онкологиялык оорулар менен кайрылгандар.

-Тилекке каршы көпчүлүгү онкология оорулар боюнча келишет. Буга чейин кайрылгандардын көпчүлүгү Түркияга барып, дарыланышты. Акчасы кымбат болгону менен сапатка ыраазы болуп жатышат.

Түркиядан келген адистер эки күн бою бейтаптарга акысыз кеңеш беришет. Андан соң министрликтин өкүлдөрү менен жолугат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache