Шашылыш кабар:

Жээнбеков: Талас аймагында тарыхыбыздын изи калган

Июль 12th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Жээнбеков: Талас аймагында тарыхыбыздын изи калган
Кыска кабар
0

Куттуу Талас аймагындагы ар бир кокту-колотто, тоо-ташта Манастын духу, тарыхыбыздын изи калган. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июлда Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында тургундар менен Талас шаарындагы жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымында, экинчи Дүйнөлүк согуштун тарыхында таң каларлык каармандыкты көрсөткөн Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиги легендага айланган. Андан кем калбаган эр жүрөк таластык азаматтар 2010-жылы кандуу бийликке каршы тайманбай баш көтөрүп, Апрель элдик революциясын баштаган. Быйыл улуттун сыймыгы, руханий туусу болгон жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган эл аралык, дүйнөлүк иш-чаралар өтөт. Анын алкагында октябрь айында Айтматов негиздеген Эл аралык Ысык-Көл форуму өткөрүлөт. Ага жүзгө жакын өлкөдөн дүйнөнүн атактуу интеллектуалдары келет.

Мамлекет башчысы президенттик кызматка киришкенден кийин коңшу мамлекеттер менен мамилени бекемдөө багытындагы иштерине токтолуп, региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында аткарылып жаткан жана аткарыла турчу иштерди айтып берди.

“Аймактарда кайра иштетүүчү ишканаларды көбөйтүү менен жаңы жумуш орундары түзүлсө, сырткы жана ички миграция кескин азаят”,- деди Жээнбеков.

Президент мындан тышкары коррупция менен күрөшүү, кадр саясаты, ирригация системасын  жакшыртуу жана  калкты таза суу менен камсыз кылуу саясатына дагы токтолду.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache