Шашылыш кабар:

Сурабалдиева: Саясатта 3 жолу сени сатышат, 3 жолу сен аларды сатасың деген…

Сурабалдиева: Саясатта 3 жолу сени сатышат, 3 жолу сен аларды сатасың деген…
кечээ. бүгүн. эртең
0

«Марал» радиосунун “Кечээ. Бүгүн. Эртең” программасынын бул жолку чыгарылышында Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева менен саясаттын талылуу маселелери тууралуу маек курдук. Уктурууну Майраш Базлакунова алып барды.

— Азыр эл өкүдөрү каникулда. Көпчүлүгү «эс алууга убакыт боло элек, эл менен жолугуп, көйгөйлөрүн угуп жүрөбүз» деп жатышат. Сиз каникул учурун кандай өткөрүп жатасыз?

— Ар бир депутат эл менен жолугушууну өзүнүн графигине ылайык түзүп, айларды тандап алат. Мен дагы акырындык менен пландап жатам. Сөздүн ачыгы акыркы убакта бир топ өзгөрүүлөр болуп кетти. Жаш саясатчы катары айрым нерселерди оорураак көтөрүп алдым, кыйыныраак болуп калды. Азыр каникулга тарагандан бери ден соолугума көңүл буруп жатам.

— Жайкысын каникул учурунда Кыргызстандын өзүндө гана эс аласызбы же чет өлкөгө чыгып кетесизби?

— Ысык-Көлгө 3-4 күнгө барсам керек. Салкыныраак жерге барсам жакшы болмок, азырынча так пландар жок.

— Депутаттык корпуска келгениңизге үч жылдын жүзү болуп калды. Айтыңызчы, бизнес менен парламенттин ишинде кандай айырмачылыктарды байкадыңыз? Албетте, ар бир иштин түйшүгү бар. Бирок ошондой болсо дагы кайсынысы сиз үчүн оорураак болуп жатат?

— Саясат сөзсүз түрдө мен үчүн оорураак болду. Себеби 2005-жылы атам каза болгондон кийин он жылдай үй-бүлөлүк бизнести башкарып жүрдүм. Бизнесте баары болгону болгондой, ачык айкын. Айткан сөзүңө бекем турасың, орто жолдон бурулбайсың… Саясатка биринчи келгенде 6 айдай көнө албай жүрдүм. Азыркыга чейин чоң мектеп болуп жатат. Эл 10-15 жылдан соң гана «мына саясаттан ордумду таба алдым» деп айта алат. Мага үч эле жыл болду, азыркыга чейин үйрөнүп келе жатам. Мен үчүн саясатын элегинен өтүү татаалыраак болуп жатат.

— Саясатка, депутаттык корпуска кандайча келип калдыңыз, «ким аркылуу келдиңиз» деген суроону сизден көп сурашса керек, анткени ошол учурда көңүлүңүз төп келген партиялар көп эле. Эмне себептен КСДПны тандап калдыңыз?

— Ачык сүйлөшсөк, КСДПнын мүчөсү болдум. 2015-жылы 3-августта партбилетти колума карматышты. Ага чейин бир ай мурда партиянын жетекчиси менен жолугуп, көңүлүмө жаккан суроолорго жооп алдым. Ошондуктан КСДП менен жакын болуп кеттим.

— Ошондо экс-президент Алмазбек Атамбаев жеке өзү чакырган экен да, ээ?

— Ооба.

— Эмне себептен депутат болууну тандап алдыңыз? Албетте, оор кыйынчылыкты башыңыздан өткөрдүңүз, бирок бизнесте дагы ишиңиз жаман болгон жок. Парламентке келүү оңой эмес дегендей…

— Атамдын «депутат болуп, эл жериме иштесем» деген оюу бар болчу. Аны атам болгону үчүн эле эмес, жеке жаран катары дагы сыйлайм. Стратегиялык деңгээлде, масштабдуу пландар менен ойлонгон адамдын кызы болгондуктан 10 жыл ишкерчиликте жүрүп бир топ тосколдуктар мыйзамдардын аткарылбашынан келгенин байкадым. Негизи мыйзамдар кагазда жакыш жазылат экен, бирок аткарылуу жагынан аксап келе жатат. Саясатка келген соң жөн гана мыйзамды ойлоп табуу эмес, анын аймактарда аткарышын дагы көзөмөлдөш керектигин ар дайым айтып келем. Бул жерде өкмөт, парламент жана ишкерлер чогулуп иштеши керек. Аны парламентке келгенден кийин гана түшүнөт экенсиң.

— Эльвира айым, оор болсо кечирип коюңуз бирок атаңызды атып кетишкенде ал кишинин айдоочусу атаңыздын өлүмүнө негизги шектүү катары ысымын атаган жаран кийин мурунку президенттин жакын адамы болуп калды. Аны түшүнүп жатсаңыз керек… Мунун баарын өзүңүз айтып, угуп турган, ошол КСДП партиясы аркылуу депутаттык корпуска келгениңизде сындагандарга эмне деп жооп берип жаттыңыз?

— Ойлосоңуздар, эгер мен ошол учурда атылгандарга ишенсем парламентке КСДП аркылуу бармак эмесмин. Андан тышкары, бир топ партиялар да бар болчу. Алардын жетекчилери менен да мамилем бар эле. Андан сырткары, мен да таза адам катары жакшы талапкер болчумун. Бирок атамдын өлүмүнө Мамбеталиевдин тиешеси бар деп ишенсем КСДПнын тизмесине кирмек эмесмин.

— Демек, анда башында сизге жаңылыш маалыматтар берилгенби?

— Атамдын 2005-жылдын 10-июнунда атып кетишти. Ал убакта мен инимдин окуусуна байланыштуу Лондондо жүргөм. Кабарды угуп, эки күндөн соң учуп келдик. Атамдын айдоочусу Бегалы Айтматов соттордо күбө болуп жүрдү. Айтматов менен ооруканадан жолугуп, сүйлөшкөнбүз. Айдочудан кимден шектенип жатканын сурасам “акцент менен сүйлөгөн бирөө экен, менимче алар кыргыз эмес” деп айткан. Бирок 2008-жылы сотко мени чакырышкан эмес. Сот болуп жатканын гезиттен угуп барып Айтматов менен жолугуп дагы сурадым, ал үн катпай калды. Мага жооп бере алган жок. Жабыркаган киши катары биздин үй-бүлөдөн жардам да көрүп жатты. Дал ошол соттон кийин катышпай, мамиле үзүлүп калды. Ок тийип, жарадар болуп жатканда башкача айтып, сотко башка көргөзмө бергени мага абдан чоң суроо бойдон калды.

— Бул иш аягына чейин ачыкталбай эле калды да, ээ?

— Азыр Бакиевдин убагында атылып кеткен көп иштер ачык болбой жатат. Бирок мен Курманбек Бакиевдин бир туугандарынан көрөм. Бакиевдердин атамдын өлүмүнө тиешеси бар экени мага ачык-айкын.

— Атаңызды атып кетишээри менен эле маалымат жыйын берип, бул саясий буйрук болгонун, анын өлүмүнөн кийин бизнесин карышкырдай таламай башталганын жарыяладыңыз. Ушул чоң коркунучтардан кантип өттүңүз? Анткени атаңызды атып кеткен учурда сиз болгону 26 жашта элеңиз. Бул сиз үчүн абдан чоң сыноо болсо керек…

— Кудай ар бир адамга көтөрүшүнчө сыноо берээри айтылат. Күтпөгөн адамдардын, туугандардын мамилеси өзгөргөнү кыйын экен. Атамдын аркасы менен жакшылыкка жеткен досторунун мамилеси өзгөргөнүн дагы баштан өткөрдүк. Азыркыга чейин айрым адамдар уялышат. Ачык, бетке айтып калганымдын бир себеби дагы турмуштун аргасыздыгы болсо керек. Бирок мендеги мүнөз ата-энемдин тарбиясы. Атам “циркте аюулар дагы велосипед тепкенди үйрөнүшөт, ар бир адам менен түзмө-түз сүйлөшкөндү үйрөн, ким болсо да коркпогун” деп айтып калчу. Ошондуктан азыркыга чейин президент, премьер-министр болобу алар менен ачык сүйлөшкөн калыпта келе жатам.

— Атаңыз көз жумган соң үй-бүлөлүк бизнести тартып алуу аракети күч болгондо Бакиевдердин кысымына кантип туруштук бердиңиз?

—  Бул боюнча бир күнү кино тартсам керек… Апам “кызым отуруп алып китеп жазбайсыңбы” деп калат. Ошол учур дайыма көз алдымда жүрөт. “Турмуш бумеранг” деп бекер айтышпайт. Азыркы жетишкендиктеримдин баары кыйын убакытта өзүмдү таштабай, бирөөгө жамандык кылбай, барын бир калыпта туура сактап калганымдын себеби болсо керек. Эң кыйын убакытта дагы адам өзүн таштабашы керек. Аткени анын бары кыска мөөнөттүк. Атамдын көз жумганына 13 жыл болду. Кээде өзүм да таң калып кетем. Бир топ эле кыйын убакыттар өттү, канча көз жаш болду. Бирок мунун барын сыртка эч качан билдирчү эмесмин. 1 миң киши кол алдыңда расмий түрдө оокат кылып жүрсө мен ыйлап барып отуруп калсам, алар да кыйын абалда калмак. Кол алдымда жүздөй эркек иштеп жүрдү, аялдар аз болчу. Туура тарбия көргөндүктөн ичимде “кыйынчылыктар өтүп кетет” деген ишеним болду. Апама, бир туугандарыма ыраазымын. Каталарды, кемчиликтерди билдирбестен, эмне гана болбосун аркамда туруп беришти. Тизгинди колума карматып берген ишенимин актап бердим деп ойлойм.

— Саясатка аралашкан соң экономикалык ишмердүүлүктүү токтотуу керек. Эми бизнесиңизди ким башкарып жатат?

— Азыр бир туугандарым чоңоюп, аларга ишенип калдым. Саясатка расмий түрдө аттанып кеттим деп, бир тууганым менен апамдан бата алдым. Бир туугандарма «саясатка барсам туура түшүнгүлө, карьераны мен жасап келе жатсам силерге ал жерде орун жок» деп катуу эле айтып койгом. Бир туугандарым колдоп берди. Менден кийинки бир туугандарым чет өлкөдөн окуп, бир нече диплом алышкандыктан билимдүү, акыл эстүү. Алар дагы колдоп “эжеке ушунча жыл бизди да бактың, бутубузга тургуздуң, сиздин жолуңузду туура түшүнүп колдоп беребиз, бизнести кыйын убакытта да башкардык, эми коркпосок керек” дешти. Үй-бүлөм жакшы маанайда батасын берди.

— Башыңыздан өткөндөй эле парламентте бизнестин оош-кыйыштарын түшүнүп жатасыз. ЖКда дагы уюшкан кылмыштуу топтордон жабыр тарткан ишкерлердин маселеси көтөрүлүп, буга байланыштуу күч органдарына айтылып жаткан дооматтар жөнүндө пикириңизди уккум келет. Бүгүн бийлик чындыгында эле уюшкан кылмыштуу топко каршы тура албай жатабы?

— Кыргыздар бири-бирибизге жок дегенде куда, бизнес өнөктөш болуп кетет экенбиз. Мамилелер ушундай тыгыз. Мунун бары системанын коррупцияланып кеткенинин натыйжасы. Бардык мамлекеттик кызматта жаман адамдар иштейт дегенден алысмын.  Анткени бир топ жакшы адистер бар. Акырындык менен либералдашуу жолуна жылсак керек деп ишенем. Анткени 26 жыл бою Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен салыштырмалуу түрдө саясат жагынан бир топ алдыга чыгып кеттик. Бирок экономикалык жактан эми өнүгүп жатабыз.

— Азыркы парламенттин ишмердүүлүгү тууралуу оюуңуз кандай? Мурунку ажо менен президенттин ортосундагы мамиледен улам парламентте, КСДП партиясынын ичинде бир топ ача пикирлер пайда болду. Дээрдик  бардык партиялаштарыңыз азыркы бийликке ыктап тургандай…

— Ар бир адам өзүнө жооп бериши керек. Мен кесиптештеримди сындабайм, ар бир депутаттын аркасында өзүнүн шайлоочулары бар. Сын айтылган депутаттын аркасы менен регионго барып калсаң анын аброю чоң экенин көрөсүң. Эл баалайт. Ошондуктан бир тарапта туруп “бул депутттын айтканы туура эмес, аны жактырбайм” деп айта албайм. Анткени менин да бир топ кемчиликтерим бар. Жеке өзүм үчүн айтсам, парламент мага абдан чоң мектеп болуп жатат. Тажрыйбалуу депутатарга азыркыга чейин тамашалап суроо берип калам. Өмүрбек Текебаев мен биринчи келип кенеш сураганымда мени сынадыбы же тамашалап айттыбы, айтор “3 жолу сени сатышат, 3 жолу сен аларды сатасың, бул саясаттын психологиясы” дегенде таң калдым эле. Саясатта жакшы, жаман эмес кызыкчылык болот.

— Мурунку президент кызматтан кеткенден кийин анын жеке кабыл алуусунда болдуңузбу?

— Ооба.

— Эгер сыр болбосо, эмне тууралуу сүйлөштүңүз?

— Февраль айында Атамбаевге барып, ал-абалын сурагам. Ал маанайы жакшы экенин, жубайы менен чет өлкөгө барып эс алып келгенин айтты. Менин да абалымды сурады. “Орусча көп сүйлөп жатасың, кыргызча сүйлө” деп “Манас” китебин белек кылып, насаатын айтты. Үй-бүлө, туугандарым тууралуу да сурап өттү, башкача айтканда сый мамиледеги жолугушуу болду.

— Азыркы президент менен Атамбаевдин ортосундагы мамилеге жарака кеткенден кийин экс-президент менен жолуга алдыңызбы?

— 16-апрелде Атамбаевдин чакыруусу менен мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясына 19 депутат бардык. Ал убакта ажолордун ортосунда мамиле өзгөрүп калган эле. Ошондо бир топ суроолорду жана каалоолоду айтып алдым. Анда Матраимовдор тууралуу сөз болуп жатты. Андан сырткары Илмиянов, Ниязов тууралуу ачык пикиримди айттым.

— Кандай жооп алдыңыз?

— Мен таң каламын. Мамлекеттик жумуш менен жеке иш салыштырылбайт, бирок мен да жетекчи болуп иштегем. “Неге сиз болушасыз, жоопкерчиликти алгансыз, бул адамдарга жооптуусуз, өзүңүздүн артыңыз менен ушундай денгээлге жеткирдиңиз, бирок туура эмес кадамдары жөнүндө айтып кетким келет” дедим. Бирок жооп ала алган жокмун. Менин пикирим ага чейин айтылган пикирине жооп болуп калды. Мен үчүн ал форум чындыгында эмоционалдуу болду. Анткени мага оорураак болгон ой айтылды. Ал үчүн эки айдай стресс болуп жүрдүм. Бул саясаттын табияты экен. Адамдын жеке көз карашы да болот. Ошондуктан бул экс-президент менен менин ортомдогу мамиле бойдон калганы туура болот.

— Азыркы бийлик «коррупцияга каршы күрөштү баштап жатам. Бир тууганымды дагы, жакындарымды дагы аябайм» деди. Аны жалпы коомчулук дагы колдоп жатат. Сиз аракеттерине кандай баа берет элеңиз?

— Жакында эле президентке кирип чыктым. Жээнбеков менен айыл чарба министрлигинин ичинде болуп жаткан ишкерлердин нааразычылыгы, салык, социалдык фондго төлөмдөр боюнча пикир алмашып, ачык-айкын сүйлөшүп алдык. Ошол жерден президентке кайрылып, “Атамбаевге ыраазымын, ал мени саясатка алып келди. Эми кенкенден кийин аркасынан кыйкырып жамандабайм” десем, ажобуз “мен аны талап кылган жокмун, депутат катары ишиңди алып кете бер” дегенине баа бердим. Жакшы сүйлөшүп алдык.

— Демек, көкүрөктү өйүп турган маселеге чекит койгон экенсиз да, ээ?

— Ооба. Кеп бирөөнү сындаганда эмес, ар бир адам өзүнө жооп бериши зарыл. Жээнбековго дагы ошол жерден айтканым туура болду. Ө.Бабанов президенттик шайлоодо утулуп калганда Атамбаевдин тегерегиндеги адамдар айрым маселелерди көтөрүшүмдү айтып калды. Мен мүнөзүмө андай көрүнүш жок экенин айткам. Адам айтчу сөзүн бетине айтышы керек. Кеткенден кийин жамандап кыйкырып, элге жагынуу туура эмес.

— Азыркы учурда эки бийиктин ортосундагы мамиледен улам кетип жаткан жарака жеке өзүңүздү ойлонтобу? Бул канчалук денгээлде мамлекеттин келечегине таасир эте турган фактор болуп эсептелет?

— Негизинен Сапар Исаков боюнча жаштар кайрылат. “Эмнеге КСДП “макул” деп өткөрүп алып, кайра “каршы” добуш берип премьер-министликтен кетирдиңер” деге суроолорго бир эле жоопту айтам. Жеке симпатия менен мамлекеттин кызыкчылыгынын ортосунда саясатчы эле эмес башка даам да тандалбашы керек. Мен ал адамдарды сындагым келбейт, бул соттун, тергөөчүлөрдүн иши. Эгерде мамлекетке залакасы тийген адамдардын мисалы көз алдымда турса аларды колдоого акым жок. Ошондуктан коррупция менен күрөш дегенди көтөргөн соң “биринчиден өзүңдүн бир тууган, жакындарың мыйзамды бузса чара көрүүгө макулсуңбу” деген суроого жооп бере алсак, жоопкерчиликтүү ишке барып иштеш керек. 2015-жылы жөн гана КСДПГа келген жокмун, 12 мин шайлоонун добушуна ээ болуп парламентке келдим. Бул партиянын, атамдын оброю болду. Жаш саясатчы экенимди эске алып колдогондор да болду. Ушулардын барынын көңүлүн оорутуп, ишенимин жоготкум келбейт. Депутат болуп келе жатканда бир топ акчсакалдар “бөрүлөрүбүз жаш саясатчыларды сындырып эле кетип калып жатышат, чыдайсыңбы” деп айтышкан. Мен ачык эле 2020-жылдагы шайлоо кыйын болоорун айткам. Мен үйрөнүшүм керек. Саясат менен ишкердикте чоң айырма бар экенин эми түшүнүп келе жатам.

— “Чоң ишкерлер бийликке каршы сүйлөй албайт” деп коюшат, буга кандай карайсыз?

— 3 жылда парламентте бир топ көйгөйлөрдү көтөрүп жаттым. Эң биринчи келгенде Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек департаментинин коррупцияга малынып 19 жылдан бери иштеп келген жетекчисин кызматтан алуу боюнча 6 ай комиссия түзө албай жүрдүм. Бул тармак миллиарддык бизнес болгондуктан, тоскоолдуктар көп болду. Аяганда ошол учурдагы төрага Чыныбай Акуновичке кирип, “комиссияга сиз тоскоол болгондуктан түзүлбөй жатабы” десем ага өзүнүн тиешеси жок экенин айтты. Бирок үч күндөн кийин комиссия түзүлүп калды. Аягында ошол жетекчини жумуштан алдык, бирок система өзгөргөн жок. Аталган департаменттин азыркы келген жетекчиси дагы таза экенин айтат. Бирок ичиндеги функцияларды бөлүштүрүп, системдүү түрдө өзгөрүүгө иштегенге адамдар дагы даяр болушу керек. Бир адамды алмаштыруу менен эч нерсе өзгөрбөйт экен.

— Жогорку Кеңеште тышкы карызды төлөө маселеси тууралуу дагы курч пикириңизди айтып келе жатасыз. Өкмөт карыз үчүн атайын эсеп ачып, элден каражат чогултууну сунуштады. Сиздин оюңуз боюнча бул кандай көрүнүш болуп эсептелет? “Бири-бирин кайталаган мамлекетик органдарды кыскартуу менен өлкө карызын жоюуга болот” деген пикириңиз дагы эле күчүндөбү?

— 26 жыл карыз алып, мыйзамсыз колдонгондордун ордуна таза иштеп, салыгын төлөгөн жөнөкөй жарандар эмне себептен тышкы карызды төлөшү керек? Өнүгүп жаткан мамлекет катары өз элинен акча суроого али эрте. Биз ал денгээлге жете элекпиз. Коррупция элге ачык чыгып кеткен соң алар ишенеби? Элдин ишеними мурдагыга караганда азайып кетти. Празиденттин адмнистрациясынын денгээлинде коррупциялык иштер болуп жатса элдин да көнүлү калууда. Мен бул жерден аларга толугу менен кошулам. 10 жыл мамлекетке салык төлөгөн ишкер катары айтаарым, анда мен эмне себептен салык төлөп жүрдүм? Колунда бар, мекенчил жаштарыбыз көп. Алар жакшы ой менен жардам беребиз деп жатышат. Мен да алардын катарындамын. Кыргызстан менен да мамлекетим, келечекте башка жакка кетем деген ойлорум жок. Экинчиден, акыйкаттык маселеси турат. Өкүнүчтүүсү бизде коррупция менен кармалгандар же качып кетет, же ооруп калат, же болбосо арыз жазып кызматтан кетип калат экен.

— Демек, кээде коррупция менен кармалгандардын иши сотко жетээринен деле үмүт пайда болбой кетет экен да?

— Сот реформасынын аягына жете элекпиз. Көп нерселер соттордун жана Башкы прокуратуранын көз алдында. Президент, өкмөт башчы, депутаттыр жакшы ойдо өзгөртөбүз дегени менен ортонку жана төмөнкү катмарда иштеген мамлекеттик кызматкерлер коррупциялашкан системага көнүп да калат экен. Айлык акысы аз деген менен ошентип жашап келе жатышат.

— Кантип өзгөртсө болот?

— Бул Кыргызстанда бир жылда өнүгүп кете турган маселе болбосо керек. Элестетсеңиз, паракор, ууру, өмүр бою мамлекеттин эсебинен байыган аткаминерлерди 10-20 балабызга өкүл ата кылабыз. Тойго чакырганга ашыгып, төрдөн орун беребиз. Элдин баары ал ууру экенин, мамлекеттин аркасы менен байыганын билет. Бирок өз эмгеги менен миндеген кишиге жумуш берген, миллиондоп мамлекетке салык төлөгөн ишкерди сый конок катары сыйласак дагы депутат, өкмөт башчы, министрлерди эки эсе сыйлайбыз. Бай болсо аябай жакшы көрөбүз. Байлыкты деле бөлүштүрбөйүз. Бул нерселер өтүшү керек. Бир чети өзүмдүн районумдан эле “баламды директор кылып коюп берчи, жумушка киргизип койчу сен депутатсың колуңдан келет” деп бир топ адам келет. Жердештеримди сүйөм, аябай урматтайм. Мен ачык эле парламентке пара алганы келбегенимди айтам. “Милиция токтотуп калды жардам бергилечи” деп телефон чалып калгандар дагы бар. Аларга сотко чейин жеткиле дейм. Акыйкаттыкты үйрөнөлү. Бир жака кечигип жатканда МАИ кызматкери токтотуп калса дароо акча кармата коёбуз. Көп нерселер элибизден көз каранды. Мунун баарын өзгөртүш үчүн системдүү түрдө реформа керек. Дарыгерлердин айлык акысы жок дегенде 1 миң доллардан ашышы керек. Болбосо алар чет өлкөгө кетип жатат. Бул туура эмес. Мугалимдер деле ошондой. Айылда тарых сабагын берген мугалим окуучуларга математиканы дагы үйрөтө берет. Мунун баарынын аркасында реформа турушу зарыл. Бир четинин бюрократиялык аппаратты кыскартып, акысын көтөрүш керек. Кыскартайын десең эле тамашада айтылгандай, ар бир пол жуугучтун аркасында депутат турат. Премьер-министр, президент бир нерсени көтөрүп чыкса эле саясий жагын, элге жагабы деп жарандардын көңүлүн карап турушат. Алсак, айдоочуларды камсыздандыруу артка кайтарылып, учурда жол кырсыгынан канчалаган өмүрлөр кыйылууда. Саламаттыкты сактоо тармагында жарандардын ден соолугун камсыздандыруу маселеси биринчи орунда турат. Булар кирмейинче өнүгүү болбойт.

— 2020-жылы өзүңүздү кайрадан парламенттен көргүңүз келеби? Кайсыл партия менен барасыз?

— Абдан оор суроо берип жатасыз. Саясатка келгенден бери көп сындарды башымдан өткөрдүм. Алардын арасында туугандарым да сындайт. Жакпаган маселе көтөрүп калсам эртеси күнү келип базарыңды текшерип калышат. Буга туугандарым көнүп калышты. Текшерүү келип калса, “кимдин куйругун баса койдуңуз” дешет. Мындай көрүнүштөр дагы бар, жашырбай айтып кетейин. Алдыдагы шайлоо тууралуу ойлонууга дагы бир жылдай убакыт бар. 2019-жылдан тарта көп нерселер өзгөрө баштайт, эл өкүлдөрү дагы шайлоого баруу тууралуу ойлоно баштайбыз. Бир чети жашмын, шайлоого барсам балким туура болот. Экинчиден, парламент бир топ эле стресс экен, ага да даяр болуу зарыл. Шайлоодо партияда менден акча сурашкан жок. Бирок 38 депутаттын ичинен 35инин шайлоо алдындагы үгүт иштерин Атамбаевдин форуму төлөп берген. Аны саясий кеңештин колунда бар мүчөлөрү жана башкалар көтөрүп беришкен. Өз каражаты менен келгендердин бири менмин. Партиядан акча алган эмесмин, аны жоопкерчилик менен айта алам. Үгүт иштери арзан эмес. Эл дагы депутат болсоң эле «бул бай» деп келе беришет. 3 жылдык алган айлыгымды санасам аны баары кайра шайлоочуларга кетип калат экен. Бул жагын да ойлонуш керек.

— Маегиңизге рахмат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache