Шашылыш кабар:

Жээнбеков: Медицина кызматкерлеринин айлыктарын көтөрүүнү карап жатабыз

Июль 12th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Жээнбеков: Медицина кызматкерлеринин айлыктарын көтөрүүнү карап жатабыз
Кыска кабар
0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июлда Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кара-Буура районунун Аманбаев атындагы айыл аймагындагы оорукананын ачылышына катышты.

Президент жолугушууда, коомдун тамыры айылда экенин баса белгиледи.

“Маданий, тарыхый, руханий көрөӊгөбүз айылда. Айылдар бар учурда улуттук каада салтыбыз, тилибиз, маданиятыбыз жоголбойт. Өлкөбүздүн өнүгүүсү региондорду өнүктүрүү аркылуу ишке ашат. Биздин милдет — элет жеринде адамдын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Негизги талаптардын бири — элибиздин ден соолугун чыңдоо. 2011-жылдан бери медицина кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлгөн эмес. Азыр биз аны көтөрүү мүмкүнчүлүктөрүн карап жатабыз”, — деди Жээнбеков.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жаңы оорукана жөнүндө президентке маалымат берип, өткөн жылы Талас облусу боюнча 20дан ашык медицина мекемелери курулуп, оңдолгонун айтты.

Президент жолугушуунун жыйынтыгында оорукананын башкы дарыгери Алтынбек Бокоевге 300 миң сомдук сертификат тапшырды.

Белгилей кетсек, Аманбаев айылындагы оорукананын жалпы сметалык наркы 65,6 млн сомду түздү. Курулуш иштери 2014-жылы башталган. Бүгүнкү күндө объекттин курулуш иштери толугу менен бүткөрүлүп, технологиялык жабдыктары  орнотулуп, пайдаланууга берилди.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache