Шашылыш кабар:

Памирлик кыргыздар Ооган өкмөтүнө өткөрүлдү

Июль 12th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Памирлик кыргыздар Ооган өкмөтүнө өткөрүлдү
Кыска кабар
0

Ооганстандын Кичи Памир жана Чоң Памир жергесинен келген 18 кыргыз 9-июлда кайра өз жерине кетишти. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, атайын топ аларды Ооганстан менен Тажикстандын чек арасындагы «Ишкашим» көзөмөл-өткөрүү пунктуна чейин коштоп барды. Алардын жол киресине жана тамак-ашына кеткен каражат Кыргыз өкмөтү тарабынан төлөнүп берилди.

«Чек ара, миграция кызматтарынын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрүнөн турган топ памирлик кыргыздарды Ооганстан менен Тажикстандын чек арасына чейин коштоп барды. 9-июлда памирликтер чек арадан ийгиликтүү өтүп, андан ары сапарын улап кетишти. Кыргыз жерине качан кайтышат, азырынча айта албайбыз. Бирок каникул учурунда туугандары менен учурашып, өз иштерин бүткөргөн соң кайтып келе тургандыгын айтышты. Чек арадан өтүп баратып, өкмөткө, элге ыраазычылыктарын билдиришти», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2017-жылы өлкөгө Кичи жана Чоң Памирден 6 үй-бүлө, тагыраагы, 33 памирлик кыргыз келип, Нарын облусуна жайгаштырылган. Кийин 2018-жылдын февралында дагы эки үй-бүлө көчүп келген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache