Шашылыш кабар:

Кыргызстан глобалдык инновация боюнча дүйнөдө 94-орунду ээледи

Кыргызстан глобалдык инновация боюнча дүйнөдө 94-орунду ээледи
Кыска кабар
0

Кыргызстан Global Innovation индекси боюнча дүйнөдө 94-орунду ээледи. Cornell Chronicle басылмасынын маалыматына ылайык, рейтинг сексенден ашуун көрсөткүчкө таянып чыгарылган.

Аталган индекс боюнча Швейцария, Нидерландия жана Швеция сап башында турат. Ал эми коңшу өлкө Кытай Эл Республикасы 126 өлкөнүн ичинен 17-орунду ээлеген.

Орусия 46, Казакстан 74, Тажикистан 101-орунда турат.

Белгилүү болгондой, индекс новатордук ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча чечимдерди кабыл алуучу тиешелүү уюмдарга жардам берүү максатын көздөйт.

Айтсак, Global Innovation индекси 2007-жылдан бери INSEAD эл аралык бизнес мектеби, Корнел университети жана дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму тарабынан эсептелип келет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache