Шашылыш кабар:

Кытай Global Innovation индекси боюнча дүйнөдө 17-орунду ээледи

Кытай Global Innovation индекси боюнча дүйнөдө 17-орунду ээледи
Дүйнө кабарлары
0

Кытай Global Innovation индекси боюнча дүйнөдө 17-орунду ээледи. Cornell Chronicle басылмасынын маалыматына ылайык, рейтинг сексенден ашуун көрсөткүчкө таянып чыгарылган.

Аталган индекс боюнча Швейцария, Нидерландия жана Швеция сап башында турат.

Орусия 46, Казакстан 74, Тажикистан 101-орунда турат. Ал эми Кыргызстан 94-орунду ээлеген. Жалпы 126 өлкө катышкан.

Белгилүү болгондой, индекс новатордук ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча чечимдерди кабыл алуучу тиешелүү уюмдарга жардам берүү максатын көздөйт.

Айтсак, Global Innovation индекси 2007-жылдан бери INSEAD эл аралык бизнес мектеби, Корнел университети жана дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму тарабынан эсептелип келет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache