Шашылыш кабар:

Жээнбеков Талас облусундагы «Азра жемиштери» ишканасына барды

Июль 12th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Жээнбеков Талас облусундагы «Азра жемиштери» ишканасына барды
Кыска кабар
0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июлда Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Бакай-Ата районундагы «Азра жемиштери» ишканасына барды.

Жолугушууда бакчанын ээси, ишкер Миргазы Оморов 40 гектар жерге 90 миң түп интенсивдүү типтеги негизинен 5 сорттогу алма көчөттөрү отургузулганын, алмаларды өстүрүүнүн өзгөчөлүктөрү, бакты мындан ары өнүктүрүү боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Президент өз сөзүндө, Кыргызстан башка өлкөлөрдөн экологиялык жактан таза продукция өндүргөнү менен айырмалана турганын баса белгиледи.

«Сиздердин компания экологиялык таза шартта алма өстүрүү менен алектенет. Мындай продукция ЕАЭБ рыногунда жакшы сатылат, бул алма менен чоң рынокко чыгууга реалдуу мүмкүнчүлүктөр бар. Сиздер өлкөнү жана регионду өнүктүрүүгө бараандуу салым кошуп жатасыздар. Жарандар үчүн жумуш орундарын түзүп жатасыңар. Мамлекет тарабынан сиздер сыяктуу ишкерлерге айыл чарба тармагында өз ишин өнүктүрүп, өндүрүлгөн продукцияларды кайра иштетүүгө жардам бере турган Кепилдик фонд түзүлгөн», — деп билдирди.

Белгилей кетсек, «Азра жемиштери» компаниясы калкты сапаттуу көчөттөр менен камсыз кылуу, кыртышты жана сууну анализдөө, акысыз консультацияларды берүү, сапаттуу дары-дармектер жана витаминдер менен камсыздоо иштерин аткарат. Компаниянын өзүндө 100дөн ашык адам бактарды отургузуу, сугаруу, аларды дарылоо жана башка иштер менен алектенишет. 7 миңге жакын адам жумуш менен камсыз болгон. Мындан тышкары, бактын территориясында 300 миң алма көчөттөрүн өстүргөн питомник бар.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache