Шашылыш кабар:

Бишкек шаардык кеңеши эртең мэрге ишеним көрсөтпөө үчүн чогулат

Июль 12th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Бишкек шаардык кеңеши эртең мэрге ишеним көрсөтпөө үчүн чогулат
Кыска кабар
0

Бишкек шаардык кеңеши кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу бүгүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Депутат Рыспай Аматовдун айтымында, кезексиз жыйын 13-июлда өтөт. Шаардык кеңештин бардык фракциялары мэрге ишеним көрсөтпөө боюнча сунуштарын беришкен. Мындай чечимди кабыл алууга учурдагы болуп жаткан окуялар себеп болгон.

Буга чейин мэриянын басма сөз кызматы Ибраимов 10-июлдан 8-августка чейин эс алууда болоорун кабарлаган. Маалыматта социалдык түйүндөрдө “Албек Ибраимов Кыргызстандан качып кетти” деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганы айтылган.

Шаардык кеңештин «Республика — Ата-Журт» фракциясынан депутат Канатбек Музуралиев Ибраимовдун биринчи орун басары Ренат Макенов менен мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзакановдун камалышына байланыштуу кезексиз жыйынды демилгелеп жатканын билдирген.

Ал аталган окуя боюнча мэрдин отчётун угуу талабын коюп келген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache