Шашылыш кабар:

Тоо-кен тармагынан 83,3 миллиард доллар киреше түшөт  

Июль 12th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Тоо-кен тармагынан 83,3 миллиард доллар киреше түшөт  
Кыска кабар
0

Геологдор Кыргызстан тоо-кен тармагын иштетүүдө канча киреше таба ала тургандыгын эсептеп чыгышты. Бул тууралуу Тоо-кен өнөр жайчылар жана геологдор бирикмесинин төрагасынын биринчи орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусу тоо-кен иштетүүдө 9,4 миллиард, Талас 1,5 миллиард, Чүй өрөөнү 1,8 миллиард, Жалал-Абад облусу 9,2 миллиард доллар киреше таба алат. Баткен облусу пайдалуу тоо-кендерге өтө бай аймак. Ал 38,4 миллиард доллар киреше таба алат. Ал эми Нарын облусунда кен байлыктардын кору 32,5 миллиард долларга бааланууда.

“Тоо-кен байлыктарын иштетүү менен Кыргызстан жалпы суммасы 83,3 миллиард доллар киреше таба алат”,- деди Камчыбеков.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache