Шашылыш кабар:

Жапонияда суу ташкынынан каза тапкандардын саны 195ке жетти

Жапонияда суу ташкынынан каза тапкандардын саны 195ке жетти
Дүйнө кабарлары
0

Жапониянын борбордук жана түштүк-батыш аймактарындагы суу ташкындарынан каза тапкандардын саны 195ке жетти. Бул тууралуу өлкөнүн министрлер кабинетинин башкы катчысы Ёсихидэ Суга билдирди.

Анын айтымында, расмий түрдө 23 адам дайынсыз жоголду деп эсептелген, ал эми 43 киши табылбай жатат.

Маалым болгондой, кырсык болгон аймакта өрт өчүрүү, издөө жана куткаруу кызматынын 73 миң кызматкери иш алып барууда. Куткаруу иштерине 80 тик учак тартылган.

NHK телеканалы билдиргендей, 5600 жаран эвакуацияланып, 239 миң кожолук суусуз калган.

Эске салсак, өткөн жуманын аягында, Жапониянын борбордук жана түштүк-батыш аймактарында нөшөрлөп жааган жаан суу ташкынын пайда кылган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache