Шашылыш кабар:

НАТО Чыгыш Европадагы таасирин кеңейтет

Июль 12th, 2018 | by Талгат Мураталиев
НАТО Чыгыш Европадагы таасирин кеңейтет
Дүйнө кабарлары
0

НАТО Орусия менен кызматташууну токтотот жана Чыгыш Европадагы таасирин кеңейтет. Бирок, мурункудай эле Моква үчүн саясий диалогго ачык. Бул тууралуу НАТОнун Брюсселде өтүп жаткан саммитинде кабыл алынган декларацияда айтылды.

Маалыматка ылайык, НАТО коопсуздук кырдаалдын курчуп жатышынан улам Чыгыш Европадагы таасирин кеңейтет. Мунун алкагында Македонияны официалдуу түрдө альянска кошуу чечими чыкты.

“Тиешелүү саясатыбызга ылайык, Македония өкмөтүн альянска кабыл алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин кабыл алдык”, — деп айтылат документте.

Муну менен катар альянс Орусия менен болгон жарандык жана аскердик кызматташтыгын үзөт. Мындай чечим Орусиянын «агрессиялык” аракеттеринен улам кабыл алынды.

Саммиттин жүрүшүндө АКШ президенти Дональд Трамп коргонууга Ички дүң өндүрүмдүн төрт пайызын бөлүүнү сунуштады. Бирок анын сунушу оозеки түрдө гана калып кетти.

Саммиттин жыйынтыгында альянска кирген мамлекеттер 2024-жылга чейин аскердик чыгымдарды 2 пайызга көтөрүүгө келишишти. Бирок, бул көрсөткүч альянска кирген 29 өлкөнүн бешөөнө гана тиешелүү.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache