Шашылыш кабар:

Трамп Меркель менен НАТОнун саммити алкагында жолугушту

Июль 12th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Трамп Меркель менен НАТОнун саммити алкагында жолугушту
Дүйнө кабарлары
0

АКШ президенти Дональд Трамп менен Германия канцлери Ангела Меркель НАТОнун Брюсселдеги саммити учурунда жолугушту. Бул тууралуу “Голос Америки” жазды.

Жолугушууда Трамп НАТОну коргоого каражат бөлүү жана «Түндүк агым 2» газ куурун негизги тема катары алга сүрдү. Ал эми Меркель соода жана миграция маселелерин козгоду.

Жолугушуудан кийин маалымат жыйынында Трамп, «абдан жакшы сүйлөшүү болду. Биз аскердик чыгымдарды, соода байланыштарды талкууладык. Германия менен мамилебиз абдан жакшы»,- деп билдирди.

Ал альянстын мүчөлөрү 2024-жылга чейин Ички дүң өндүрүмдүн 4 пайызын коргонууга бөлүшү керектигин баса белгиледи.

Буга чейин Трамп Берлин коргонуу тармагына жетиштүү каражат сарптабайт, Орусия менен газ куурлары боюнча “миллиарддаган доллардык” келишимдерге барып, Орусиянын тузагына түшүүдө деп сындаган.

Меркель буга жооп кылып Германия көз карандысыз чечимдерди кабыл алууга кудуреттүү экенин айткан.

«Чыгыш Германия СССРдин көзөмөлүндө болгонун билебиз. Экономикалык келишимдер Орусияга көз карандуу болууга алып барбайт. Германия көз карандысыз саясат алып барып, өз алдынча чечимдерди кабыл алат», – деди канцлер.

Ал эми Франция президенти Эммануэль Макрон Трамптын Германияга карата айткан сын пикирлерине кошулбай турганын билдирген.

НАТОнун жалпы коргонуу чыгымдары мурдагыдан 3,8% көбөйүшү күтүлүүдө.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache