Шашылыш кабар:

Жарандарды тоногон милиция камакка алынды

Июль 12th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Жарандарды тоногон милиция камакка алынды
Кыска кабар
0

Жарандарды талаага алып барып сабап, акчасын тартып алган милиция кызматкерлеринин бири кармалды. Мындай маалыматты 11-июлда жабырлануучулардын бири Болот Болотбеков таратты.

Анын айтымында, тоногон тартип сакчылары Биринчи Май райондук милициясынын кызматкерлери болгон. №1-шаардык милиция бөлүмүндө беттештирилгенде милиция 23-июндан 24-июнга караган түнү аларды тоногонун моюнуна алган.

“Мен алар тартып алган 10 миң сомумду кайтарып ала албай жатам. Менин атыма которулган акчаны 23-июнь күнү алганым тууралуу банктан тастыктама кат да алып бардым, бирок жыйынтык жок. Милиция кызматкерлери болсо алып беребиз деген, алардан да дайын жок», — деди жабырлануучу.

Бул маалыматты Бишкек шаардык милициясынан да тастыктап, тартип сакчылардын бири учурда №1-тергөө абагына камалганын билдирди.

Учурда бул окуя боюнча иликтөө жана тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле жетекчилердин да жоопкерчилиги каралууда.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache