Шашылыш кабар:

Футбол – 2018: Хорватия Англияны утуп алгачкы жолу финалга чыкты

Июль 12th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Футбол – 2018: Хорватия Англияны утуп алгачкы жолу финалга чыкты
Дүйнө кабарлары
0

12-июлга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым финалдык беттеши орун алды. Анда Москва шаарындагы «Лужники» стадионунда Хорватия менен Англия курамаларынын беттеши өтт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дө башталып, башкы калыстыкты түркиялык Жйүнейт Чакыр аткарды.

Оюн башталып төрт мүнөт өтпөй Модрич Деле Аллини жыгылтып оюн эрежесин бузду. Англиялык Киран Триппьер айып соккуну мыкты аткарып, эсеп санын ачты.

Оюндун биринчи бөлүгүндө Хорватия — 51 пайыз, Англия — 49 пайыз топко ээлик кылды. Башкы калыс 1-таймга 1 мүнөт убакыт кошуп берди.

Оюндун экинчи бөлүгү башталып 22 мүнөт өткөндө Хорватиялык Перишич эсеп санын теңеди. 2-таймда Хорватия — 57 пайыз, Англия — 43 пайыз топко ээлик кылды.

1-кошумча таймга калыс 2 мүнөт кошуп берди. Бирок бул убакыт да жеңүүчүнү аныктоо үчүн жетишсиз болду. 2-кошумча тайм башталып, үч мүнөт өткөндө Манжукич эсеп санын өзгөртүп командасын алдыга чыгарды. 2-кошумча таймдын убактысы аягына жетип, калыс дагы 4 мүнөт кошуп берди.

Калыстын ышкырыгы жаңырып, Хорватия курамасы 2:1 эсебинде жеңишке жетти.

Ошентип Хорватия курамасы финалда Франция курамасы менен 15-июлда күч сынашат. Ал эми Англия коло медалдар үчүн Бельгия курамасы менен 14-июлда кездешет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache