Шашылыш кабар:

Бегиева: Мигранттарга карата катаалдаган мыйзам батир акысын жогорулатат

Бегиева: Мигранттарга карата катаалдаган мыйзам батир акысын жогорулатат
Күн чекит
0

8-июлдан тартып Орусияда мигранттарды каттоо боюнча мыйзамга кирген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Андан бери тиешелүү мамлекеттик кызматтар текшерүүгө алып, айыптар салынып жатканын социалдык түйүндөргө мигранттар да жаза башташты. Орусия өкмөтү болсо, бул жаңы эреже эл арасында айтылып келген “чоюлма” башкача айтканда бир үйдө 10дон ашык киши жашаган мыйзамсыз көрүнүштү жок кылат деп ишенет. Орусиядагы мигранттарга карата катаалдаган мыйзам тууралуу суроолорго Москвадагы «Мекеним Ала — Тоо» коомдук уюмунун жетекчиси Жамиля Бегиева «Күн чекит»программасында жооп берди.

Учурда Орусияда мигранттарга мыйзам катаалдаганы айтылып жатат. Натыйжада полиция бөлүмдөрүнө түшкөн Кыргызстандыктардын саны көп 70ке жакын экени кабарланды. Орусиянын миграция кызматы кайсы негизги жүйө менен кармап кетип жатат?

Азыр жаңы мыйзам чыкты. Ошонун негизинде батирлерде тыгылып жашаган мекендештер кармалып жатат. Тагыраагы каттоого турбагандарды полиция кармап кетүүдө. Кыргызстандын миграция кызматы Орусиянын аймагына жаңы өткөндөргө гана тийиштүү деп жатат. Бирок чын-чынына келгенде андай болгон жок. «Бөрк ал десе баш алган» көрүнүш орун алып жатат. Аны кыргызстандыктар түшүнө электе эле жасап жатышат. Орусиянын тартипти көзөмөлдөгөн органына каражат табуунун дагы жаңы ыкмасы пайда болду десем болот.

-Сиздер мекендештерден кабар алдыңыздарбы? Миграция боюнча мыйзамга кандай өзгөртүүлөр кирди?

Миграциялык мыйзамдын өзгөрүшү боюнча бизге кайрылгандардын саны өтө көп. Күнүнө 5-6 чалуу болуп жатат. Кармалган деген жерлерге толук бара албай жатабыз. Баарына барууга физикалык дагы мүмкүнчүлүгүбүз жетпей жатат. Себеби Москвада 500-600 миңдин тегерегинде кыргыздар бар. Алардын бир бөлүгү Орусиянын жарандыгын алган болсо, дагы бир бөлүгү Кыргызстандын жарандыгы менен жүрүшөт. Мигранттарда маселе көп. Алардын баарын чечүүгө атайын уюмдарга биригип, мекенчилдик сезим менен көмөк көрсөтүү үчүн жүрөбүз.

Кыргызстандыктардын канча пайызы жашаган жерине эмес, иштеген жерине каттоого турган? Эми бул тартип Кыргызстандыктарга оорчулук жаратпайбы?

Сөзсүз түрдө бул мыйзам Орусияда иштеп жүргөн мекендештерге оорчулук жаратат. Себеби батирин ижарага бергендердин дээрлик 99 пайызы мигранттарды каттоого тургузбайт. Баары каршы. Себеби батир ээлери салык төлөгөндөн качышат. Ошону менен ортомчуларды жок кылабыз деген демилге менен батир акылары дагы жогорулашы мүмкүн. Андай болбосо Орусия өкмөтүнөн салыктарды төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек. Бирок буга деле орус бийлиги макул боло койбойт. Себеби батирдин аянты жашаган адамдардын санына туура келиши керек. Азыркы кезде мигранттар ал чектен 2-3 эсе ашыкча жашап жатышат.

-Маегиңизге рахмат!

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache