Шашылыш кабар:

ЭЭУ: Дүйнөдөгү чыр чатак жумушсуздуктан улам чыгып жатат

ЭЭУ: Дүйнөдөгү чыр чатак жумушсуздуктан улам чыгып жатат
Дүйнөлүк жаңылыктар
0

Дүйнөнүн көп мамлекеттеринде күтүүсүз табият кырсыктары катталып жатат. Жер титирөө, суу ташкыны катталган учурда балдар жана аялдар баштаган карапайым калк жапа чегүүдө. Бул акыбалды жөнгө салуу үчүн Эл аралык эмгек уюму  205 — сунуштун долбоорун талкууга чыгарды.

Бүгүнкү күнү күтүүсүз  жерден пайда болгон чыр чатактар, согуштук аракеттердин  түрдүү себептери айтылып жүрөт. Ал мамлекеттердин же кайсы бир топтордун ортосунда чыгууда. Бул  калктын толук жумуш менен камсыз болбогондугунан чыгып жатат.

Бул тууралуу  Эл аралык эмгек уюму өткөргөн үч күндүк жыйында айтылды.  14 мамлекеттин профсоюз өкүлдөрү менен өткөн талкууда 205-номурдагы сунуштун долбоорлору күндүн темасына коюлду. Мында Чыгыш Европа жана Борбор Азия орун алган чыр чатактарды болтурбоо максаты коюлганын Эл аралык экмгек уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчиси Сергеюс Гловацкас «Марал» радиосуна айтып берди.

Орто Азияда жана Европада болуп жаткан негативдүү жагдайлардын  баары биздин региондор үчүн дайыма актуалдуу боюнча калат. Жаратылыш кырсыктары, аскердик кагылыштардын тийгизген таасири эбегейсиз. Мунун баары  Орто Азияда жумушсуздуктан улам келип чыккан десек болот. Миграция, радикализм жана башка  ушул сыяктуу коомчулуктагы терс көрүнүштөр калыстык болбогондуктан жана татыктуу жумуштун жоктугунан келип чыгууда.

Мындан  кайсы гана мамлекет болбосун калктын аялуу катмары  жапа чегүүдө. Буга көп учурда балдар жана аялдар кабылып жатат. Саясий кызыкчылыкта куралга айланып калууда. Ошондуктан дүйнөдө ушундай кырдаалда аялдардын жана балдарын кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштер башталган. Бул багытта атайын уюмдар программаларды кабыл ала баштаган. Бирок Кыргызстан көп жылдар бою бул маселе бизге тийиштиги жок деп санаган.  Анткен менен тарых  бул түшүнүктү буруп, кыз-келиндер жана  балдар жабыркаган кырдаал орун алды. 2010-жылдагы июнь окуясы Кыргызстандагы дагы бир эскертүү болгонун Кыргызстандын Эмгек жана  социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова эске салып, кыз-келиндерди  мамлекет кандай гана абал болбосун коргоого алышы керек деди.

Биз тынч мамлекетбиз, бизде согуш, конфликтер жок деп мындай маселелерди караган эмесбиз. Бирок, 2010-жылдагы Ош окуясында көбүнчө аялдар жабыркап калды. Ошондой эле зордуктоолор да көп болду. Булардын баары конфликтердин күчөшүнө алып келди. Андыктан биз дагы  дүйнөлүк практиканы карап, өзүбүзгө колдонушубуз керек. Аялдарга өзгөчө көңүл бурулушу керек.

Бир гана ошол аймактын жарандары эмес, чек аралаш өлкөлөрдүн дагы жашоочулары дагы жапа чегип калууда. Ошондуктан биринчи кезекте өзгөчө кырдаал пайда болгондо ар бир мамлекеттин профсоюздары кызыктар болушу керек жана маселени эл аралык деңгээлде байма бай көтөрүп турушу керек. Ошондо гана маселе чечилет жана чара көрүлөөрүн Грузия профсоюзунун төрагасы Ираклий Петрашвили белгиледи. Себеби профсоюздар аркылуу маселе бийлик өлкүлдөрүнө жетет. Демек чечүүгө алып бараарын төмөнкүчө айтып берди…

Дүйнөдө  орун алып жаткан  маселелер  коңшу мамлекеттерге жана бүтүндөй өлкөгө залакасын тийгизет. Кандай гана туруксуздук болбосун коомчулуктун экономикалык жактан өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Кайсы гана мамлекет болбосун алдыга эмес, артка гана кетүү болот. Ушул жагдайларды эске алуу менен, профсоюздар да максималдуу түрдө жардам беришибиз керек.

205 чи сунуш үч күндүк талкуудан кийин 14 мамлекеттин ар биринде өз алдынча талкууга алынат жана кийинки жолугушууга ой –пикир жана сунуштар иштелип чыгуусу керек.  Жыйынтыгында бирдиктүү кабыл алынаарын Кыргызстан профсоюзунун төарага орун басары Рысгул Бабаева билдирди.

205 сунунуш долбоор боюнча биринчи бизде болуп жатат. Экономика көтөрүлүп элдин турмушу оңолгон учурда, согуш, пикир келишпестик, конфликттер болбошу керек. Мындай талкуулоо биздин региондо биринчи жолу болуп жатат. Бул биз үчүн пайдасы көп. Ири масштаптуу коомчулуктун тажрыйбасын өзүбүзгө алып калабыз. Эми талкуу ушул боюнча гана токтобойт. Өөзүбүздүн профсоюз менен дагы  талкуулайбыз.

Эскерте кетсек, буга чейин Эл аралык эмгек уюмунун 204-сунуштун долбоору кабыл алынган болчу. Ал жеке жакта иштеген жарандардын эмгектерин коргоого багытталган.

Эл аралык эмгек уюму БУУнун адистештирилген системасына багытталган. Уюм социалдык теңдик жана жарандардын эмгек укуктарын камсыз кылуу үчүн 1919-жылы ишин баштаган.

Бүгүнкү күнгө чейин Эл аралык эмгектин нормалары боюнча конвенция жана сунуштарды иштеп чыккан.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache