Шашылыш кабар:

Казактар кыргыздарды кайра кыйнай баштады

Июль 11th, 2018 | by Канай Анаркулов
Казактар кыргыздарды кайра кыйнай баштады
Күн Чабыт
0

Казакстандын чек арачылары, укук коргоо органдары кыргызстандын жарандарын өзгөчө текшерүүгө алып жатышат. Аэропорттордон өзүнчө бөлмөлөргө киргизип алып, суракка алуу менен жеке телефондогу маалыматтарды да көрсөтүүнү талап кылып жатышканы белгилүү болду. “ЖИА” бизнес ассоцациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров, өзгөчө ишкерлер жапа чегип жатканын айтып, өзү дагы мындай көрүнүшкө күбө болгонун билдирди.

Эмне себептен мындай кадамга барып жатканын айтыштыбы? Казак бийлиги кандай жүйө келтирип жатат?

Акыркы учурларда өзгөчө Алма-Ата шаарына учуп келген кыргыздарды атайын бөлмөлөргө алып кирип, текшерүүлөр көбөйгөнү байкалууда. Жакында эле биз өзүбүз да ишкерлер тобу менен Грузиядан учуп келгенде ушундай көрүнүшкө күбө болдук. Белгисиз себептерден эле, “коопсуздук чараларына байланыштуу” деп, элдер өтүп жаткан линиядан бизди өзүнчө бөлмөгө алып киришип, паспортторубузду текшеришти. Буга чейин айрым ишкерлердин телефондоруна чейин текшерип чыкканын уктук. Эмнегедир Грузиядан учуп келген ишкерлер ушундай өзгөчө тосууга туш болушууда.

Бул көрүнүш качантан бери созулуп жатат анан кандай тоскоолдуктарды жаратууда?

Негизи төрт, беш айдан бери созулуп жатканынан кабарыбыз бар. Жакында эле бизге мүчө болгон ишкерибиз Кореядан келе жатканда, мына ушундай текшерүүлөрдүн жүрүшүндө телефону жок болуп кеткен экен. Ушундай текшерүүлөр Тажикстандын, негизи эле Орто Азия мамлекеттеринин жарандарына болуп жаткандай. Кыскасы, түшүнүксүз эле мамиле болуп жатат.

Кыргыз өкмөтүнө, Тышкы иштер министрлигине же башка тиешелүү мекемелерге кайрылдыңыздарбы?

Коңшулаш бир туугандардын бул кадамдары ичибизди жылыткан жок. Негизи мындай көрүнүшкө дуушар болгонубузга 4-5 күн эле болду. Азыр Тышкы иштер министрлигине кайрылуу даярдап жатабыз. Бул көрүнүш биздеги ачык асман саясатын тезирээк ишке ашырып, башкаларга көз каранды болбой, ишти алга жылдырыш керектигинен да кабар берип жатат.

Маегиңизге рахмат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache