Шашылыш кабар:

2008-жылга чейин чыккан унааларга бажы салыгы төмөндөтүлбөйт 

Июль 11th, 2018 | by Талгат Мураталиев
2008-жылга чейин чыккан унааларга бажы салыгы төмөндөтүлбөйт 
Кыска кабар
0

Өлкө аймагына сырттан ташылып келген эски унааларга бажы салыгы төмөндөтүлбөйт. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, унаалардын киришине бажы төлөмдөрүн төмөндөтүү өлкөдөгү унааларды жаңылоо, эски унааларды азайтуу максатында жасалууда. Ошондуктан жаңы чыккан унаалар үчүн бажы төлөмдөр төмөндөтүлөт.

“Сырттан ташылып келген унаалардын 2008-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта чыгарылган жаңы унааларга бажы алымдарынын көлөмү төмөндөтүлдү. Бирок бул жеңил унааларга гана тиешелүү. Жеңилдетүүгө жүк ташыган унаалар, автобустар кирбейт. Ал эми 2008-жылга чейин чыккан унаалар үчүн бажы төлөм жогору боюнча калат. Ошондой эле электр унааларга же күйүүчү майга муктаж эмес электр энергиясы менен жүргөн унааларга карата бажы төлөмдөрү алынбайт”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 10-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө аймагына сырттан ташылып келген авто унааларга бажы алымдарынын өлчөмүн төмөндөтүү тууралуу токтомго кол койгон. Мыйзам расмий жарыялангандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache