Шашылыш кабар:

Кыргызстанга унааны арзан алып келүүгө жол ачылды

Кыргызстанга унааны арзан алып келүүгө жол ачылды
Экономика
0

Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмү азайтылып, электромобилдерге нөлдүк төлөм коюлду. Ага ылайык, бензин жана дизелдик автотранспорт каражаттарына карата бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү коюмунун өлчөмү 2014-жылкы эсепке чейин төмөндөтүлөт. 

Мындан тышкары, гибриддик автоунааларга 1 куб сантиметр үчүн 0,5 доллардан 0,6 АКШ долларына чейин өлчөмдө бажы алымдарынын жана салыгынын өбөлгөлөөчү коюмдары киргизилет.

Өкмөт өлкөгө ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн азайтууну чечти. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 10-июлда кол койду. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине 2015-жылы киргенден кийин сырттан ташылып келген машинелердин бажы төлөмү жыл сайын көтөрүлө баштаган. Экономика министрлигинин эксперт-консультанты Айдар Самакбаев өкмөттүн бул токтому ЕАЭБдин эрежелерине каршы келбей турганын кабарлады.

— 2014-жылкы бажы алымдары кайра ишке кирет. Кыргызстандын автотранспорттору боюнча ЕАЭБдин алкагында 2020-жылга чейин өткөөл мезгили бар. Бул жерде карама-каршылык жок. Ал эми 2020-жылы КРнын автотранспорттору ЕАЭБдин келишимине толук кандуу кошулат.  

Министрлик маалымдагандай Кыргызстан 2020-жылга чейин бажы жана салык төлөмдөрүн өзү каалагандай коюуга укуктуу. Өлкө ЕАЭБге киргенге чейин сырттан алып келинген унаалардын бажы төлөмү төмөн болгон. Кийин аталган биримдикке мүчө болгондон соң бажы алымы бир топ өскөн. Мисалы чет жактан машина ташып иштеген Эрлан Сыдыков былтыр «Lexus 570» унаасын алып келип, анын бажы алымы 22 миң долларды чапчыган.

— 2017-жылы эле Дубайдан «Lexus 570» кыймылдаткыч көлөмү 5,7 болгон автоунаасын алып келгенбиз. Анын бажы төлөмүнө 22 миң доллар төлөдүк. Мисалы ал машина 98 миң долларга Дубайдан алынса ага 22 миң долларды кошсоңуз 120 миң доллар болуп кетет. Аны 135 миң долларга баалап сатсаңыз эч ким албайт да.

Ушундан улам көп ишкерлер сырттан машина алып келүүнү токтотуп, ички рынок менен гана иштеп жатышкан экен. Кыргызстанга унаалар көбүнчө Германия, Америка, Дания жана Европанын башка өлкөлөрүнөн келип турган. Мамлекет ЕАЭБге киргенден кийин Орусиядан көбүрөөк машиналар ташыла баштаган. Бажы кызматынын маалымат катчысы Жаманак Мүсүрканов «өкмөттүн токтому күчүнө кирсе унаалардын бажы салымы бир топ эле арзандайт», — деп, аны айрым мисалдар менен түшүндүрдү.

— Мисалы «Хонда Аккорд» 4 куб машина болсо ал учурдагы бажы тарифи менен жаңы чыккан 1 жыл болгон унаага 5,1 доллар алынмак. Ал эми 10 жыл болгон унаага 6 доллар 15 цент алынмак. Эгер жаңы тарифтер күчүнө кирсе кыймылдаткычы 3 кубдан жогоруларга 2,1 доллар алынат. Ал эми 10 жыл болгон унаага 0,80 доллар алынат.

Жөнөкөй тил менен айтканда сиз жаңы бажы алымы менен 10 жыл мурда чыккан кыймылдаткычынын көлөмү 2 куб сантиметр автоунааны алып келсеңиз анын бажы төлөмү 1000 доллар болот. Ал эми ушул эле унааны учурда иштеп жаткан бажы тарифи аркылуу эсептесек бажы алымы 8 200 доллар болот.

Өкмөт сөз болуп жаткан токтом эскирген унааларды азайтуу, Кыргызстанга гибриддик кыймылдаткычтуу машиналардын кирүүсүн колдоо, өлкөнүн автоунаа паркынын эскиришинин алдын алуу деп билдирди. Ошондой эле электромобилдердин санын көбөйтүү үчүн, ага бажы алымдарынын жана салыгынын нөлдүк коюмун киргизди. Деген менен парламент депутаты Дастан Бекешов өкмөттүн негизги максаты башка экенин айтып жатат.

— Мен негизи токтомду колдойм. Бирок анын максатын ачык эле айтыш керек. Өкмөттүн максаты бул республикалык бюджетти толтуруу. Себеби эми машиналарды көп алып келе башташат. Эгер автопаркты жаңыртабыз десек чыкканына 5 жылдан ылдый болгон унааларга бажы салыгын ылдыйлатыш керек болчу.  Азыр болсо чыкканына 8 жылдан 12 жылга чейин болгон унааларга дагы салым төмөндөдү.

Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин сырттан ташылып келген автоунааларга болгон бажы салымы өсүп, өлкөгө алып келинген унаалардын саны кыскарганын Мамлекеттик каттоо кызматынын дагы статистикасы көрсөтүп турат. Маселен аталган мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов былтыр ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдү эсепке албаганда, Кыргызстанга 10 миңден ашык гана унаа ташылып келгенин айтты.

— 2017-жылы өлкөгө 28 миңден ашуун унаа ташылып келген. Алардын 18 миңден көбү ЕАЭБ өлкөлөрүнөн, 10 миңден ашыгы үчүнчү мамлекеттерден. Кыргызстан Бажы биримдигине киргенге чейин оң рулдуу унаалар көп кирип турган. Ал эми 2015-жылдан тарта кескин кыскарды.

Өкмөттүн токтому расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөн соң күчүнө кирет жана 2019-жылдын 31-декабрына дейре иштейт.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 1 млн 200 миңге жакын автоунаа катталган. Ал эми 2012-жылы өлкөгө сырттан 70 миңден ашык, 2013-жылы 108 миң, 2014-жылы 119 миң, 2015-жылы 35 миң, 2016-жылы 21 миңдин тегерегинде автоунаа кирген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache