Шашылыш кабар:

Кытай менен АКШнын соода согушу уланууда

Июль 11th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Кытай менен АКШнын соода согушу уланууда
Дүйнө кабарлары
0

Кытай АКШнын 10-июлда кабыл алган соода саясатына аң-таң абалда калды жана жооп чараларын көрүүгө камынууда. Бул тууралуу Кытайдын соода министри маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык АКШ бийлиги 10-июлда Кытай товарларына 200 миллиард долларлык кошумча бажы төлөмдөрүн киргизерин билдирди. Бул Кытайдын Америкадан келген товарларга 25 пайыздык бажы төлөмүн киргизүүсүнө жооп экени айтылууда.

«Кытай АКШнын аракеттерин таң калып бүтпөй жатат. Мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо үчүн өкмөт жооп чараларын көрүүгө мажбур болот«, — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, АКШ 15-июнда Кытайдан импорттолгон 50 миллиард долларлык товарга 25% бажы төлөмүн киргизген. Кытай тарап 16-июнда ушул эле өлчөмдө АКШ товарларына чектөө киргизген. Мындай абал 6-июлда 34 миллиарддык товар менен дагы кайталанган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache