Биз менен байланышыңыз

Текебаев Атамбаевдин айткандары тууралуу жооп берди

Кыска кабар | 22 Дек 2018 | 1055 | 0

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айтканы тууралуу пикирин билдирди. Анда ал көпчүлүк адамдар мурдагы президент Текебаевди каматканына өкүндү деп ойлогонун айтты.

“Ал Текебаевдин рейтинги көтөрүлүп кетти деп эле өкүндү. Текебаевди түрмөгө отургузбай, Саляновадай, Чудиновдой кылып соттоп, бирок чыгарып эле койсок, рейтинги, авторитети түшмөк. Бирок элдин аёосуна, колдоосуна ээ болбой калмак эле. Алар ошого өкүнгөндөй болду,-деди Текебаев.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 22-декабрда Өмүрбек Текебаев 60 жашка чыкты. Бир топ саясатчылар аны куттуктап, ооруканага барышты.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев учурунда Текебаевди каматканы үчүн өкүнүп калганын айткан эле.

Copyright © 2017 Maral FM