Шашылыш кабар:

Кыргызстанда калкты каттоого алуу 2020-жылдын 23-мартында башталат

Июль 11th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Кыргызстанда калкты каттоого алуу 2020-жылдын 23-мартында башталат
Кыска кабар
0

Калкты жана турак-жай фондун каттоого алуу 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин өткөрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун төрагалыгы астында өткөн Калкты жана турак-жай фондун 2020-жылы каттоого алуу боюнча республикалык комиссиянын алгачкы жыйынында белгилүү болду.

Бороновдун айтымында, калкты каттоо белгилүү социалдык, демографиялык жана экономикалык сапаттары боюнча өлкө аймагында жашап жаткан калктын расмий эсебин алууга мүмкүндүк берет. Ошондуктан бул иш-чарага тыкыр даярдык көрүү абдан маанилүү. Калкты каттоого алууну сапаттуу жүргүзүү мамлекеттин жалпы тармагынын бардык аспектилерине өз таасирин тийгизет. Алсак, ал эмгек миграциясынын абалын тактоого, зарыл болгон жерлерде билим берүү, медициналык мекемелерди жана өнөр жай объектилерин курууга мүмкүндүк берет.

Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Акылбек Султанов өз кезегинде Республикалык комиссиянын мүчөлөрүнө калкты жана турак-жай фондун каттоого алууга даярдык көрүү жана аны өткөрүү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, 2019-жылы Чүй облусунун аймагында тутумду тестирлөө үчүн сынактык каттоо жүргүзүлөт. Тестирлөө процессине 500гө жакын адам тартылат. Калкты каттоого алуунун жаңылыгы катары каттоо программасына эмгек миграциясын мүнөздөгөн суроолордун моделдик блогунун, туруктуу өнүгүү максаттарынын көрсөткүчтөрүн түзүү үчүн суроолордун киргизилиши саналат. Ошондой эле биз мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын такталган саны туралуу маалымат алынат.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, 2018-жылдан 2020-жылга дейре жалпы кампанияны өткөрүүгө 547,5 млн сом керектелет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache