Шашылыш кабар:

Абылгазиев Казакстандын элчисин кабыл алды

Июль 11th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Абылгазиев Казакстандын элчисин кабыл алды
Кыска кабар
0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 11-июлда Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Абылгазиевдин айтымында, бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосунда бардык деңгээлде жемиштүү саясий-экономикалык диалог түзүлгөн. Мамлекет башчылары тараптан соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүү боюнча милдеттер аныкталган. Буга байланыштуу август айында Астанада өтүүчү кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңешинин алкагында өз ара кызыкчылыктарды туудурган маселелерди алга жылдыруу жолу уланат.

Кокрекбаев өз кезегинде, эки өлкөнүн министрликтери ведомстволор аралык  деңгээлде натыйжалуу өз ара кызматташууну орнотуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Элчинин айтымында, эки жактуу чек ара кызматташтыгы, инвестицияларды тартуу маселелерин илгерилетүү зарыл.

Ал кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Казакстандын аймагында өткөрүлө турган иш-чаралар тууралуу маалымдады.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache