Шашылыш кабар:

Сурабалдиева: Паракор аткаминерди 10-20 балабызга өкүл ата кылабыз

Сурабалдиева: Паракор аткаминерди 10-20 балабызга өкүл ата кылабыз
Кыска кабар
0

«Паракор, ууру, өмүр бою мамлекеттин эсебинен байыган аткаминерлерди 10-20 балабызга өкүл ата кылабыз. Тойго чакырганга ашыгып, төрдөн орун беребиз.» Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева «Марал» раддиосуна берген маегинде билдирди.

«Эл алар ууру экенин, мамлекеттин аркасы менен байыганын билет. Бирок өз эмгеги менен миңдеген кишиге жумуш берип, миллиондоп мамлкекетке салык төлөгөн ишкерди сый конок катары сыйласак дагы депутат, өкмөт башчы, министрлерди эки эсе сыйлайбыз. Бай болсо аябай жакшы көрөбүз. Байлыкты деле бөлүштүрбөйүз», — дейт эл өкүлү.

Ал, Сокулук райнунан “баламды директор кылып берчи, жумушка киргизип койчу сен депутатсың колуңдан келет” деп бир топ адам кайрылаарын айтат. Сурабалдиева, мындайда учурларда парламентке пара алганы келбегенин ачык айтып, жердештеринин сунуштарынан баш тартып келе жатканын белгиледи.

«Милиция токтотуп калды жардам бергилечи» деп телефон чалып калгандар дагы бар. Аларга сотко чейин жеткиле деп айтам. Акыйкаттыкты үйрөнөлү. Көп нерселер элибизден көз каранды. Мунун баарын өзгөртүш үчүн системдүү түрдө реформа керек», — дейт Сурабалдиева.

Эл өкүлү белгилегендей, дарыгерлердин айлык акысы жок дегенде 1 миң доллардан ашышы керек. Болбосо чет өлкөгө кеткен дарыгерлердин саны өсүүдө. Ошондой эле бюрократиялык аппаратты кыскартып, акысын көтөрүү зарыл.

«Кыскартайын десең эле тамашада айтылгандай, ар бир пол жуугучтун аркасында депутат турат. Премьер-министр, президент бир нерсени көтөрүп чыкса «элге жагабы деп» жарандардын көңүлүн карап турушат. Алсак, айдоочулар боюнча камсыздандыруу ишке ашпай, учурда жол кырсыгынан канчалаган өмүрлөр кыйылууда», — дейт эл өкүлү.

Ал буга кошумча, саламаттыкты сактоо тармагында жарандардын ден соолугун камсыздандыруу маселеси биринчи орунда турарын, булар кирмейинче өнүгүү болбостугун белгиледи.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache