Шашылыш кабар:

Орусиядагы жаңы мыйзам мигранттарды түйшөлттү

Июль 11th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Орусиядагы жаңы мыйзам мигранттарды түйшөлттү
Коом
0

8-июлдан тартып Орусияда мигранттарды каттоо боюнча мыйзамга кирген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Андан бери тиешелүү мамлекеттик кызматтар текшерүүгө алып, айыптар салынып жатканын социалдык түйүндөргө мигранттар да жаза башташты. Алардын катарында кыргызстандыктар да бар. Кыргызстандык эксперттердин айтымында, бул мыйзамдын күчүнө кириши мигранттардын санын азайтып, мекенге кайтып келүүгө аргасыз кылат. Анткени жаңы эрежелерде чет өлкөлүк жаран мурдагыдай иштеген жеринен эмес, жашаган жеринен каттоого алыныш керек. Орусия өкмөтү бул жаңы эреже эл арасында айтылып келген “чоюлма”, башкача айтканда бир үйдө 10дон ашык киши жашаган мыйзамсыз көрүнүштү жок кылат деп ишенет. Төмөндө Орусияда жүргөн биздин мекендештерди кандай шарттар күтөт кененирээк токтолобуз.


Эми Орусияда жүргөн ар бир чет өлкөлүк жаран иштеген жеринен эмес, факт боюнча жашаган жеринен каттоого алыныш керек. Мындай өзгөртүүлөрдү камтыган мыйзам 8-июлдан тартып күчүнө кирди. Орусия мындай эрежени өлкөдөгү миграция агымын көзөмөлгө алуу максатында кабыл алган. Бул туурасында Орусиянын Ички иштер министрлигинин виза жана уруксат берүү башкармалыгынын башчысы Кирилл Адзинов жергиликтүү маалымат каражаттарына берген интервьюсунда айткан.

Эми чет өлкөлүк жарандарды каттоо так аныкталды десек болот. Жаңы талап боюнча ар бир мигрант иштеген жеринен эмес, жашаган жеринен каттоого алынышы керек. Чет өлкөлүк жарандар эч кандай тоскоолдуксуз миграциялык каттоого тура алат.

Бул тартип күчүнө кире баштагандан бери мигранттар интернеттеги өздүк баракчаларына текшерүүүлөр күчөп жаткандыгын айтышып, билдирүү жазышууда. Маселен, мигранттардын юристи Валентина Чупик полиция бөлүмүндө 30га жакын адам кармалып тургандыгын жана эмне себептен кармалганын полиция түшүндүрүп бербегендигин жазган. Ушул сыяктуу жагдайлардан мигранттар кооптонуп жаткандарын жашырышпайт. Алардын бири Назгүл көп жылдардан бери Орусияда иштеп келет. Ал буга чейин иштеген жеринен каттоо оңой жана жеңил болгондугун айтып, бул багытта Кыргыз өкмөтүнөн колдоо болсо деп суранат.

-Кайсы ишканага кирсең, ошол өзү каттаганы жакшы. Анткени дароо эки ишиң бүтөт. Мисалы, азыр бир бир квартирада канча убакытка чейин жашай турганың белгисиз. Ар көчкөн сайын катташ керек болот. Же бардык эле үй ээлери каттай бербейт. Биз үчүн чоң эле маселе болот.

Мындан улам эми жүздөгөн мигрант кара тизмеге кирип калуу коркунучу бар дейт “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов. Анын айтымында бул маселе боюнча ага да кайрылгандар болгон. Эгерде өз убактысында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мигранттар үчүн шарттар каралбаса көпчүлүк оор шартта калат дейт.

Эсибизге алышыбыз керек, биз ЕАЭБ курамындагы мамлекетпиз. Анын ичиндеги мамлекеттин жарандары бири-биринин өлкөсүндө эркин жүрө алат деген шарттар бар. Ооба, Орусия өзүнүн мамлекетинин коопсуздугу үчүн бул эрежелерди кабыл алды, бул мактоого татый турган нерсе, бирок ушул убакытка чейин биздин өкмөт үн ката элек. Алар иликтегенче кеч болот.

Мамлекеттик миграция кызматынын расмий маалыматы боюнча учурда 640 миңдей жаран Орусияда эмгектенет. 2018-жылдын март айына карата маалымат боюнча 70 миң 22 киши кара тизмеде болгон. 2016-жылдын аягына 106 миң киши кара тизмеде болсо, 2017-жылы 35 миңдей киши кара тизмеден чыккан. Мамлекеттик миграция кызматынын сырткы миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиевдин айтымында, Орусиянын жаңы эрежелери чет өлкөлүк жарандарга так кайсыл жерде катталуу керектигин бышыктайт. Анткени буга чейин мигранттар иштеген жеринде катталганы менен миграция кызматы текшергенде жашаган жери менен, иштеген жери эки башка болуп, кара тизмеге кирип калгандардын көпчүлүгү ушул себептен болгон. Ал эми жаңы эреженин укуктук жактан мигранттарга кандай таасир берерин тиешелүү органдар иликтейт.

Кыйынчылык жаратаарын биз азырынча так айта албайбыз. Бул эреженин таасирин биздин жетекчилик иликтеп жатат. Учурда Орусиянын тиешелүү мамлекеттик кызматына суроо жөнөттүк. Так маалыматты 1 жума же 1 айда айта алабыз. Кесепеттерин аныктагандан кийин тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз.

Эске салсак, Орусия президенти Владимир Путин 27-июнда мигранттарды каттоо эрежелери боюнча мыйзамга кол коюп, мыйзам 8-июлда күчүнө кирген. Андан кийин интернет баракчаларында Орусиянын Таганск районунда полиция кызматы кыргыз мигранттарын кармап райондук полиция бөлүмүнө жеткирип жаткандыгын жазышкан. 70ке жакын кыргыз жараны кармалып, айрымдары 5 миң, 10 миң рубль айып төлөп чыгып жатышат деп айтылган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache