Биз менен байланышыңыз

Мэрия: Түкүргөндөргө 5 500 сом айып салынат

Кыска кабар | 22 Дек 2018 | 833 | 0

Келерки жылдын 1-январынан тартып Бишкек шаарында коомдук жайларда түкүргөн жарандарга 5 500 сомдон айып салына баштайт. Мындай маалыматты шаар башкармалыгынан билдиришти.

Күчүнө кире турган кодексте башка эреже бузуулар да каралып, төмөнкүдө баалар бекитилген.

-Таштандыны белгиленген жерге же кутудан башка жакка таштап, же өрттөсө, 5 500 сом;

-Коомдук жайларда тынчтыкты сактабагандарга 1000 сом;

-Ит же мышык алып жүрүүдөгү эреже сакталбаса 1000 сом;

-Өзүм билемдик менен жер участогун кеңейтип алгандарга 1000 сом;

-Милицияга, өрт өчүрүү кызматын жана тез жардамга жалган чакыруу болсо 5500 сом;

-Ата-энелик милдеттерин так аткарбаган ата-энелерге 1000ден 7500 сомго чейин;

-Лифттерге зыян келтиргендерге 3000 сом;

-Коомдук жайларда тамеки чеккендерге 1000 сом;

-Көчөлөрдөгү люктарды ачкандарга 1000 сом өлчөмүндө айыппул салынмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM