Шашылыш кабар:

Бишкек-Торугарт унаа жолундагы авариядан бир унаа өрттөнүп кетти

Июль 11th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Бишкек-Торугарт унаа жолундагы авариядан бир унаа өрттөнүп кетти
Кыска кабар
0

Бишкек-Торугарт унаа жолунда жүк ташыган унаалар кагышып, бири өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Нарын облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 11-июлда саат 08:00 чамасында катталган. Анда Вольво жана Ман үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Анын кесепетинен Вольво унаасы күйүп кеткен. Бактыга жараша, адамдар жаракат алган жок. Вольво унаасы Кытайдан Бишкекке товар жүктөп бараткан. Ал эми Ман унаасы Бишкектен курулуш товарларын алып Нарынга бараткан.

Учурда окуя болгон жерде Кочкор райондук Жол кыймылынын коопсуздугунун кызматкерлери иш алып барууда.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache