Шашылыш кабар:

Орусия менен Кытай айды өздөштүрүүдө кызматташат

Июль 11th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Орусия менен Кытай айды өздөштүрүүдө кызматташат
Дүйнө кабарлары
0

Орусиялык «Роскосмос» менен Кытайдын улуттук космостук администрациясы 2018-2022-жылдарга белгиленген эки тараптуу кызматташтыктын программасына өзгөртүүлөрдү киргизди. Аталган программанын алкагында Айды иликтөө жана өздөштүрүү долбоорлору бар. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, эки тараптуу жумушчу топтун жолугушуусу Москвада өтүп, анда кызматташтыктын программасына Айды иликтөө жана өздөштүрүү долбоорлорун киргизүү чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары тараптар космостук таштандылардан жерди коргоо боюнча аткарылган иштердин үстүндө талкуу жүргүзүштү.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache