Шашылыш кабар:

Түлеев президентке кайрылуу жасады

Июль 11th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Түлеев президентке кайрылуу жасады
Кыска кабар
0

Бүгүн, 11-июлда сот аткаруучулар менен милиция кызматкерлери Ленин райондук соттун чечимин аткаруу үчүн Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин мурдагы жубайы Мира Сыдыкова бир уул, бир кызы менен жашап жаткан Бишкектеги үйүн бошотуу талабы менен барышты. Бул тууралуу экс-мэр фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, үй мындан бир канча жыл мурун мыйзамдуу түрдө алынып, жубайынын жападан жалгыз мүлкү.

Түлеев билдирүүсүндө президенттен Башкы прокуратурага ишти калыс карап чыгуу үчүн тапшырма берүүнү өтүндү.

Ал эми Сыдыкованын айтымында, Мүлк фонду алууну көздөп жаткан үйдү Нариман Түлеевдин атасы 2005-жылы салып, 2010-жылы небереси Санжар Нариман уулуна өткөрүп берген. Бирок Түлеевдин мүлктөрүн камакка алууда бул үй дагы тизмеге кошулган.

Белгилей кетсек, 2017-жылы Бишкек шаарындагы “Сапат” бизнес борбору менен”Караван” соода борбору Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына алынган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache