Шашылыш кабар:

Бажы кызматкерлери бюджетке 25 млн сом зыян келтиргени аныкталды

Июль 11th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Бажы кызматкерлери бюджетке 25 млн сом зыян келтиргени аныкталды
Кыска кабар
0

Түндүк-Чыгыш бажынын кызматкерлери бюджетке 25 млн сом зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түндүк-Чыгыш бажы башкармалыгын текшерүү учурунда жооптуу кызматкерлери «L.S.» жана «А.К.» ишканалары менен келишип алып, мыйзамсыз документтерди жасоо менен бажы төлөмдөрүнөн пайда табышкан. Натыйжада ондогон бажы декларациясы толтурулбай апрель-июнь айларында мамлекеттик бюджетке 25 млн сом зыян келтирилген.

Окуя боюнча «Коррупция», «Кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу», «Кызматтык жасалмалуулук» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмыш иш УКМКнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache