Шашылыш кабар:

Прокуратура: Исаковдун иши боюнча эксперттик кызмат мыйзам бузган

Июль 11th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Прокуратура: Исаковдун иши боюнча эксперттик кызмат мыйзам бузган
Кыска кабар
0

Соттук-эксперттик кызматтын кызматкерлерине басым көрсөтүүдө деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов ЖЭБди жаңылоодо коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин иликтеген тергөөчүлөр Соттук-эксперттик кызматтын кызматкерлерине басым көрсөткөнүн айткан.

Башкы прокуратуранын айтымында, тескерисинче Соттук-эксперттик кызматтын жетекчилери тарабынан эксперттик топко басым болгон. Натыйжада 25-июнда мыйзамды бузуу менен туура эмес корутунду чыгарылган. Бул факты боюнча 2-июлда Башкы прокуратура тарабынан Соттук-эксперттик кызматтын жооптуу үч кызматкерине 304 жана 315-беренелердин негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда УКМК тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Эске салсак, Сапар Исаковго 29-май күнү «коррупция» беренеси менен айып тагылган. Бир нече жолу суракка чакырылгандан кийин ал 2 айга камакка алынган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, УКМКнын тергөө абагына тергөө бүткөнгө чейин камоо чечимин кабыл алган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache