Шашылыш кабар:

Роналду «Ювентус» клубуна расмий түрдө өттү

Июль 11th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Роналду «Ювентус» клубуна расмий түрдө өттү
Кыска кабар
0

Мадриддик «Реал» клубу Португалиянын футболчусу Криштиану Роналдуну «Ювентуска» берүүгө макул болду. Бул тууралуу РИА Новости испаниялык клубдун расмий сайтына шилтеме кылып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Роналду «Реал» клубунун жетекчилигине башка командага өтүү сунушун өзү айтып кайрылган. Ага «Ювентус» 105 миллион фунт төлөй турган болду.

Роналду «Реалга» 2009-жылдын жайында «Манчестер Юнайтед» клубунан келген. Анда ал 93,4 миллион еврого бааланган.

Португалиялык футболчу өткөн сезондо 44 түрдүү оюнга катышып, 44 гол киргизип Чемпиондор лигасында жеңүүчү болгон. Ал «Реалдын» курамасы менен 438 беттешке катышкан. Төрт лиганын чемпиону болуп, 451 гол киргизип мадриддиктердин тарыхында мыкты чабуулчу аталган. Ошондой эле Испаниянын эки жолку чемпиону, клубдар аралык дүйнө чемпионатында үч ирет чемпион болгонго жетишкен. Андан сырткары, Европа, Испания кубокторуна татыган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache