Шашылыш кабар:

Франция Бельгияны утуп финалга аттанды

Июль 11th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Франция Бельгияны утуп финалга аттанды
Дүйнө кабарлары
0

11-июлга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алгачкы жарым финалдык беттеши орун алды. Анда Франция менен Бельгия курамаларынын беттеши өттү. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дө башталды.

Оюндун башталышында эле франциялык Килиан Мбаппе топту айып аянтчасына чыгарууга аракет кылды. Бирок коргоочулардын бири топту тартып алганга жетишти.

Статистика боюнча топко Франция 42 пайыз, ал эми Бельгия 58 пайыз ээлик кылды. Биринчи тайм 0-0 эсеби менен аягына чыкты.

Оюндун 2-бөлүгү башталганына 7 мүнөт өтпөй Франция курамасынын футболчусу Юмтити бурчтан чыгарылган топту башы менен дарбазага багыттап эсеп санын ачты.

Калыс беттештин аягына 6 мүнөт кошуп берди. Бирок эсеп саны өзгөргөн жок. Муну менен Франция курамасы финалдык беттешке аттанды.

Белгилей кетсек, эми Франция курамасы 15-июлда Англия-Хорватия беттешинин жеңүүчүсү менен күч сынашат. Ал эми Бельгия курамасы 14-июлда 3-орун үчүн беттеш өткөрмөкчү.

Бүгүн, 12-июлга караган түнү Хорватия менен Англия курамалары финалга чыгуу үчүн беттешет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache