Шашылыш кабар:

Рысалиев: Ысык-Көлдүн суусу текшерилди

Рысалиев: Ысык-Көлдүн суусу текшерилди
Күн чекит
0

Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көлдүн суусун текшерди. Анын жыйынтыктары тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев менен маектештик.

Марал: Ысык-Көлдүн суусунун сапаты текшерилген экен жыйынтыгы кандай болду?

Бактыбек Рысалиев: Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери Ысык-Көлдүн суусунун сапатын текшерип чыгышты. Анда көлдүн жээгиндеги жана тереңдигиндеги сууларга мониторинг жүргүзүлдү. Химиялык текшерүүнүн жыйынтыгында суу тийиштүү бардык талаптарга жооп берээри аныкталды. Кандайдыр бир зыяндуу заттар аныкталган жок.

Марал: Текшерүүнүн жыйынтыгына канчалык ишенсе болот жана Кыргызстанда суунун сапатын аныктай турчу жабдыктар барбы?

Бактыбек Рысалиев: Мамлекеттик агенттиктин карамагында эл аралык талаптарга ылайык келген бир катар лабораториялар бар. Алар заманбап жабдыктар менен жабдылган. Анын жыйынтыгына толук ишенсе болот. Мындан тышкары негизи агенттиктин кызматкерлери суунун сапатын аныктоо үчүн жылына үч жолу ушундай мониторинг жүргүзүп келет. Ал сезонго чейин, сезон убагында жана сезон бүткөндөн кийин болот. Андан тышкары Финляндиянын айлана-чөйрөнү коргоо институтунун долбоорунун алкагында Ысык-Көлдүн суусунун сапаты текшерилип турат.

Марал: Көлдүн суусу негизинен үч жолу текшерилет экен да. Бул убакыт аралыгында суунун сапатында өзгөрүүлөр болобу?

Бактыбек Рысалиев: 2016-2017-жылдар аралыгын ала турган болсок Ысык-Көлдүн суусунун сапатында андай деле олуттуу өзгөрүү болгон жок. 2018-жылдагы текшерүүнүн жыйынтыгы деле ушундай көрсөткүчтү көрсөттү. Көлдүн суусунун булганышын негизи биз автомобилдерден чыккан уулуу заттар менен байланыштырып келчүбүз. Азыр анчалык деле чоң таасири билинбейт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache