Шашылыш кабар:

«Диссернет» кыргыз илимпоздорун плагиатка айыптады

«Диссернет» кыргыз илимпоздорун плагиатка айыптады
Билим жана Маданият
0

Орусиядагы «Диссернет» интернет коомчулугу кыргызстандык бир катар илимпоздордун эмгектери плагиат менен жазылганын ашкере кылды.

«Диссернет» интернет коомчулугу диссертацияларды текшерип жатат. Алардын ичинде кыргызстандык илимпоздордун 600дөй илимий эмгеги электен өткөрүлүүдө. Айрымдарынын жыйынтыгы чыгып, арасында плагиат менен жазылган илимий-изилдөө иштери ачыкка чыгарылууда.

Алардын катарында Бишкек шаарынын вице-мэри Эркинбек Исаковдун дагы эмгеги бар. Ал 2010-жылы диссертациясын жактап, экономика илимдеринин кандиlаnы наамын алган. «Диссернет» анын ишинен саясатчы Магомедсалам Магомедов жана Самара техникалык университетинин окутуучусу Марина Гаранинанын эмгектеринен алынган бөлүмдөрдү тапкан.

Кыргызстандын Жогорку аттестациялык комиссиянын төрайымы Бакыт Тыналиева дагы кыргыз илимпоздору даяр эмгектерден көчүрүп алышаарын айтып, көбүнчө Орусияда даярдалган иштерден плагиат болорун кабарлады.

-Диссертациялардын баары эле орусча жазылып жатпайбы. Аны көчүрүп алышып туруп Россия Федерациясы деген сөздү Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп коюшат. Азыр дагы 5-6 орусча булактарды таап, аны кыргызчага которуп туруп эле менин диссертациям дешет. Ошондуктан бизде кыргыз тилинде диссертация жазгандар дагы көбөйүп аларды да текшерип жатабыз.

2012-жылы диссертациясын жактаган Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын деканы Данияр Жумалиевдин дагы ишинде плагиат бар экени аныкталганын «Диссернет» жарыялады. Азырынча Жумалиев бул боюнча жооп бере элек. Ал эми вице-мэр Эркинбек Исаковдон комментарий алуу аракетибизден жыйынтык чыккан жок.

Жогорку аттестациялык комиссиянын маалыматында кайсы бир илимдин кандидаттыгына талапкердин илимий эмгеги 150 барактан кем эмес, ал эми доктордук диссертацияныкы 250 барактан аз болбошу керек. «Диссернет» интернет коомчулугу айрым кыргыз илимпоздорунун илимий иштеринин дээрлик жарымынан көбү көчүрмө болгонун ашкере кылды. Улуттук илимдер академиясынын академиги Аманбек Жайнаков илимде кайсы тармакта плагиат көп болорун ачыктады.

— Математикада андай көчүрүүлөр болбойт. Анткени ал татаал. Плагиат математика менен физикада анча болбойт. Себеби так илимдерде бирөөнүн даяр иши баардыгына белгилүү, ага кол сала албайт. Ал эми көчүрүп алуу гуманитардык багытта, экономикалык, юридикалык илимде болот.

Илимдеги уурулукту тыюу үчүн 2012-жылы «Антиплагиат» деген программа иштеп баштаган. Бул программа аркылуу илимпоздор даярдаган эмгегин текшертип, башка илимий иштерге дал келип калган бөлүмдөрүн тактап алса болот. Жогорку аттестациялык комиссия программа иштеп баштаган алгачкы жылдары айрымдардын диссертациясынан 80-90 пайызга чейин плагиат чыкканын маалымдады.

Медицина илимдеринин доктору Кеңешбек Ырысов «Антиплагиат» системасын көп колдогондордун бири. Ал өзү илимий жетекчилик кылган учурда окуучуларына аталган программадан текшерүүдөн өтүүсүн талап кылат. Башта «Антиплагиаттан» өтүү милдеттүү болсо, азыр бул илимпоздордун өз ыктыяры менен гана болуп калган.

— Башта бул программа иштеп баштаганда диссертацияларды текшертүү милдеттүү болчу. 3-4 жылдан кийин ыктыярдуу түрдө гана болуп калды. Менин эмгегим таза, мен көчүргөн эмесмин деп өзүнө ишенген окумуштуу болсо ишин текшертпей койсо болот. Бирок андайлар аз да. Мисалы биздин 2-3төн диссертанттарыбыз бар да. Алар кайда эмне кылып жүргөнү белгисиз. Ошондуктан мен жетекчи катары алардан эмгегин текшертип келишин талап кылам.

«Антиплагиат» программасынан бир жолу өтүү миң сомду түзөт. Программа аркылуу илимий ишин текшерүүгө чектөө жок. «Диссернет» интернет коомчулугу Юридика илимдеринин доктору Турдукан Жумабекованын дагы ишин талдаган. Ал диссертациялык ишин 2009-жылы жактаган. Жумабекованын эмгегинен дагы көчүрүлгөн бөлүмдөр табылган. Анын 133 беттен турган ишинин болгону төрт гана бетинде плагиат жок экени аныкталганы айтылууда. Деген менен Жумабекова сөз болуп жаткан көчүрмөлөрдү четке кагып, тескерисинче «илимпоздорду атайын каралоо жүрүп жатат», — деп жарыялады.

— Бизде илимди илимдей, эгемендүүлүктү эгемендүүлүктөй, мамлекетти мамлекеттей сыйламай жок болуп калды. Батыштын демократия дегенин сиңирип алып эле көчөгө басып калдык. Муну токтотуш керек. Бул кара пиарды буйрутма аркылуу атайын топтор жасап жатат. Алардын өзүнүн бетин ачыш керек.

Жогорку аттестациялык комиссиянын маалыматында Кыргызстанда жыл сайын 30дай диссертациялык жана 150-200дөй кандидаттык иш жазылат. Мамлекеттик кызматта иштеген илимдин кандидатынын айлыгына айына 800 сом, ал эми илимдин докторлоруна 1800 сом кошулат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache