Шашылыш кабар:

Таиландда үңкүрдө камалып калган окуучулар толук куткарылды

Июль 10th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Таиландда үңкүрдө камалып калган окуучулар толук куткарылды
Дүйнө кабарлары
0

Таиландда үңкүрдө камалып калган окуучулар менен машыктыруучусу толук куткарылды. Бул тууралуу Таиланддын куткаруу операциясынын жетекчиси Наронгсака Осоттханакона маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Таиландда үңкүрдөгүлөрдү куткаруу боюнча операциянын үчүнчү баскычы башталган. Анын натыйжасында үңкүрдөн акыркы төрт бала жана алардын машыктыруучусу чыгарылды. Буга чейин эки этапта өткөн операцияда сегиз бала куткарылган болчу.

Учурда куткарылгандар шаардык ооруканага тик учак менен жеткирилди.

Белгилей кетсек, 11-16 жаш курактагы 12 өспүрүм жана алардын машыктыруучусу үңкүргө 23-июнда киргенден соң нөшөрлөгөн жамгырга байланыштуу кайра чыга албай калышкан. Аларды куткаруу операциясына 10 өлкөдөн 1000дей адам катышты. Операциянын жүрүшүндө куткаруучулардын бири курман болду.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache