Шашылыш кабар:

Сууга чөгүп кеткендердин көпчүлүгү жасалма көлдөрдө болот

Июль 10th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Сууга чөгүп кеткендердин көпчүлүгү жасалма көлдөрдө болот
Коом
0

Сууда сүзүү сезону башталгандан бери өлкө аймагы боюнча 38 киши сууга чөгүп каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, көрсөткүчтүн басымдуу бөлүгү Чүй облусуна туура келет. Мындай көрүнүш жасалма көл, көлмө, сууда сүзүүгө ылайыкташтырылбаган жерлердин Чүй облусунда жайгашкандыгы менен байланыштуу дешет адистер. Ошондуктан, мындай жерлерде сууга түшпөөнү эскертишип, шаар тургундары колдон келишинче атайын бассейндерде гана аптаптан сактануусун сунушташат.


Мен бул жака келгенден бери куткаруучуну көрө элекмин. Мурда бар эле азыр жок го.

-Балдарды өзүбүз карап отурабыз айла жок, эмне болуп кетет деп коркуп. Ары кетпе деп, улам карап.

Булар жайдын аптабында шартка жараша Бишкектин айланасындагы жасалма көл, көлмөлөрдө эс алып жүргөн шаар тургундары. Алардын айтымында аталган эс алуучу жайларда куткаруучулар жокко эсе. Бирок муктаждык туулбагандыктан, аларды куткаруучулардын болуп болбогондугу кызыктаырбайт деле, тобокелге салып түшө беришет.

ӨКМдин берген маалыматы боюнча сууда сүзүү сезону башталгандан бери өлкө аймагы боюнча 36 киши чөгүп, каза болгон. Алардын көпчүлүгү Чүй облусуна туура келет. Адистердин айтымында сууга чөккөндөрдүн көпчүлүгү мас абалында болот, өзгөчө сууда сүзүүгө ыңгайлаштырылбаган жерлерде. ӨКМ Чүй облусу боюнча башкармалыгын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Азиз Эгембердиевдин айтымында Чүй облусу боюнча 460 жерде кишилер сууга түшүп жүрөт. Алардын ичинде каналдар, суу сактагычтар, көлмөлөр бар.

-Ушул 460 жерден 13 гана жер атайын шартка туура келет. Ошолордун гана атайын куткаруучулары, медициналык кызмат көрсөтүүсү, атайын шарттары каралган. Башка жерлер талапка жооп берген эмес.

Негизи шарт боюнча ар бир 100 метрге 1ден куткаруучу болуш керек. Бирок курткаруучусу жок, атайын шарт каралбай иштеп жаткан эс алуучу жайлар жабылууга тийиш. Бул милдет экотехинспекцияда. Бул туурасында Суучулдар кызматынын башчысы Урматбек Шамырканов айтты.

Ар бир 100 метрде 1 куткаруучу болуш керек. Андай болбосо, шарттар туура келбесе аларды жабыш керек, тиешелүү чара көрүлүш керек. Бирок ага биздин укугубуз жок.

Бирок ошентсе да адистер балдарды жалгыз сууга түшүрбөөгө, мас абалында сууга түшпөөгө, сууга түшөрдүн алдында денени көндүрүп түшүүнү сунушташат. Бишкек шаардык куткаруу кызматынын башчысы Мелис Назарбаев өзгөчө жаш өспүрүмдөрдү көзөмөлсүз сууга жөнөтпөөнү сунуштайт.

Негизи куткаруучулар нөөмөткө туруп, улам айланып, карап турат. Бирок эң негизгиси ата-энелер өздөрү этият болуп, көзөмөлдөп туруусун суранабыз. Эң негизгиси сүзүүгө ыңгайлуу болбогон көлмө, көлдөрдө сууга түшпөңүздөр.

Жыл башынан бери өлкө аймагы боюнча 57 киши сууга чөгүп каза болду. Алардын 36 сууга тушүү сезонуна туура келет. Анын ичинен 8 жаш балдар.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache