Шашылыш кабар:

Футбол 2018: Күйөрмандар Франция-Бельгия беттешин чыдамсыздык менен күтүүдө

Июль 10th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Футбол 2018: Күйөрмандар Франция-Бельгия беттешин чыдамсыздык менен күтүүдө
Спорт
0

Бүгүн Орусияда өтүп жаткан дүйнө футбол чемпионатынын жарым финалы башталат. Беттешүү Санкт-Петербург шаарында Бишкек убактысы боюнча түнкү 12:00дө Фрнация менен Бельгия курамаларынын ортосунда өтөт.

Франция курама командасы А тайпалык баскычтарында австралиялыктарды (2:1) жана перулуктарды (1:0) эсебинде жеңип, ал эми даниялыктар менен теңме-тең чыккан. 1/8 финалында Аргентинаны 4:3 эсебинде жеңип жарым финалга бет алган.

Ал эми Бельгия курама командасынын футболчулары чемпионатта француздарга караганда мыкты оюн көргөзүштү. Алар G тобунда Панаманы (3:0), Тунисти (5:2) жана Англияны (1:0) эсеби менен жеңип чыгышты. Натыйжада 1/8 финалына биринчи болуп чыкты. Чейрек финалда 2:1 эсебинде Бразилия курама командасын жеңип жарым финалга аттанышкан.

Бүгүнкү беттешүүдө букмекерлерде көпчүлүк адамдар жеңишти Франция курама командасына беришүүдө.

Кошумчалай кетсек, Франция президенти Эммануэль Макрон менен Бельгия падышасы Филипп жана жубайы Матильда эки өлкөнүн футбол курамаларынын беттешин көрүү үчүн Орусияга келет.

Ал эми 11-июль күнү түнкү саат 12:00 до Англия-Хорватиянын беттешине күбө болобуз.

Буга чейин Англия Швецияны утуп, үйүнө узатса, Хорваттар үй ээси Орусиянын курама командасын биринчиликке ат салышуудан четтеткен. Ал эми финал 14-июлда болоору күтүлүп жатат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache