Биз менен байланышыңыз

Быйыл 41 айыл таза суу менен камсыз болду

Кыска кабар | 20 Дек 2018 | 622 | 0

2018-жылдын эсебинен мамлекеттик бюджеттин жана чет элдик гранттардын эсебинен жалпысынан 41 айыл таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу Өкмөт бүгүн Жогорку Кеңеште маалымат берди.

Ага ылайык быйыл мамлекеттик «Таза суу» программасынын алкагында республикалык бюджеттен бөлүнгөн 250 миллион сомго 24 айылда таза суу киргизилген. Ал эми Дүйнөлүк банк менен Ислам өнүктүрүү банкынын берген 94 миллион долларга 17 айылда таза суу киргизилген.

Мамлекет үчүн алдыңкы пландарда турган таза суу менен камсыздоого буга чейин да Азия өнүктүрүү банкы ири көлөмдөгү насыя бөлүп, ал учурунда максатсыз эле пайдаланылып кеткени айтылып жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM