Шашылыш кабар:

Японияда тайфундан улам 55 миң жаран көчүрүлөт

Июль 10th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Японияда тайфундан улам 55 миң жаран көчүрүлөт
Дүйнө кабарлары
0

Японияда тайфундан улам 55 миң жаран көчүрүлөт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, Миякодзима шаарынын дээрлик бардык жарандары тайфундун кесепетинен улам башка тарапка көчүүнү талап кылууда. Тайфун Токионун түштүк аралдарына чейин жеткен. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 50 метрден 70 метрге чейин жеткени кабарланууда. Толкундун бийиктиги 21 метрге чейин көтөрүлүүсү, жамгырдын  көлөмү 350 миллиметрге чейин жаашы күтүлүүдө.

Өлкөнүн Метеорология борбору жергиликтүү тургундарды дарыя жээктерине, көчөгө зарылчылыгы жок чыкпоону эскертишүүдө.

Эске салсак, Япониядагы катуу жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкүлөр жүрүп жатат. Жаратылыш кырсыгынан акыркы маалыматтарга таянсак, 134 киши каза болуп, 88 адам дайынсыз жоголгон.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache