Биз менен байланышыңыз

Президенттин басма сөз жыйыны 3,5 саатка созулду

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 952 | 0

Бүгүн, 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун массалык маалымат каражаттарына берген жыйыны 3,5 саатка созулду.

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева айткандай, жыйынга 84 массалык маалымат каражаттарынан 177 журналист катталган. Алардын ичинен 40ка жакын журналист өлкө башчысына суроо бере алды.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков кызматка киришкенине бир жыл болуп, биринчи жолу басма сөз жыйынын өткөрдү. Бул жолу жыйын көпкө созулуп, оппозициялык маанайдагы ЖМКлардын өкүлдөрүнүн суроо узатышына да мүмкүнчүлүк берилди. Айрыкча, президенттин ар бир журналистти атынан атап, аларды бөлбөгөнү социалдык тармактарда жылуу кабыл алынууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM