Шашылыш кабар:

Босого: “Таблиг-и жамааты” — радикалдык эмес, динди жандандыруучу кыймыл

Босого: “Таблиг-и жамааты” — радикалдык эмес, динди жандандыруучу кыймыл
Босого
0

«Марал» радиосунун “Босого” программасынын бул жолку чыгарылышында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теология колледжинин мугалими Майрамбек Жумалиев жана Борбор Азиядагы Америка университетинин антропология факультетинин доценти Мукарам Токтогулова менен Исламдагы агымдар тууралуу ой бөлүштүк. Берүүнү саясат талдоочу Орозбек Молдалиев алып барды.

Долбоор «Демократия жана дин»: Тең жана байистүү добуш аркылуу баарлашуу» долбоорунун алкагында даярдалды. Анын башкы максаты — Кыргызстанда бирдиктүү демократиялык коомду тарбиялоо жана буга кызыктар болгон тараптарды тартуу. Айрыкча жаштардын радикалдашуусуна жана экстремизмге кошулушуна бөгөт коюу болуп саналат.

Жумалиев:

Саясий жагдайларга жараша түрдүү диний агымдар пайда болду…

Пайгамбарыбыздын (сав), сахабалардын доору Ислам тарыхында чоң орунду ээлейт. Кийинчерээк мусулмандар көбөйүп башка өлкөлөргө жайыла баштаганда түрдүү агымдар, дин өкүлдөрү менен байланышып, чогуу дискуссиялар өттү. Мындай учурда эң биринчи кезекте аларга мусулманчылыкты тааныштыруу маселеси келип чыккан. Ага чейин да түшүнбөстүктөр бар болчу, бирок ал диндин негизине байланыштуу эмес эле. Көбүнчө саясий пикир келишпестиктер болгон. Бул бара-бара башка дин, философиянын өкүлдөрү менен жолуккандан кийин ар бир мусулмандын өз-өзүнчө пикирлери пайда болду. Мусулмандар башка дин өкүлдөрүнө жооп иретинде көп китептерди жазышты. «Дин менен ой жүгүртүүнү кошуп жооп беребиз» деп аларга карата өзүнчө аалым пайда болду. Буга каршы дагы башка аалымдар дагы жооп беришти. Бүгүнкү күндө түрк тилдүү элдердин көбүндө кеңири жайылган Матрудий мектеби дагы башка алымдарга каршы динди коргоо ирээтинде жооп берүү менен башталган. 14 кылымдан бери түрдүү саясий жагдайларга жараша түрдүү диний агымдар пайда болду.

Мазхабдардын арасында түрдүү ойлор болушу табигый көрүнүш…

Мусулмандар мазхабдардан куралат. Булардын арасында эч кандай маселе жок. Бирок мазхабдардын арасында түрдүү ойлор болушу табигый көрүнүш. Намазды бирөө башкачараак окуса да, баары туура деп эле кабыл алынат. Ортодо эч кандай талаш-тартыш маселе жок.

Салафиттер радикал эмес…

Ваххабит менен салафиттерди бирдей көргөндөр дагы бар. Ошол эле учурда экөө эки башка деп айтып жүргөндөр да кездешет. Салафит мусулман бир туугандар дагы Ахли-Сунна валь Жамаатка китрет. “Салаф” деген сөздүн өзү Пайгамдарыбыздан (сав) кийинки муун, Аны (сав) ээрчигендер деген түшүнүккө келет. Алар да Аллахты таанытуу жолунда жүргөн адамдар. Болгону алар Матрудий акыйдасын бираз сындашат, аны туура эмес деп эсептешет. Демек, аталган мазхаб менен айрым көз караштары гана туура келбейт, ал эми намаз жана башка маселелерде талашып-тартышпасак да болот. Орто Азияга Ханафи мазхабы анын ичинен Матридий акыйдасы отурукташып калган. Кийин салафиттер келгенде башкача көз караштар пайда боло баштаган. Кыргызстан демократияны сүйгөн мамлекет болгондуктан салафит туугандарыбыздын дагы жамааты ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Салафиттер радикал эмес, мындай аракеттер байкалган да жок. Такфирийлер башка, булар менен салафиттердин айырмасын так айтып коюшубуз керек.

“Хизб ут – Тахрир” радикалдуу топ деп таанылган…

Ал эми “Хизб ут – Тахрир” кийинчерээк мусулмандардан өзүнчө бөлүнүп чыккандыгы менен айырмаланат. Алардын түшүнүгүндө биричи халиф келиши керек, болбосо башка иштер болбойт. Логикалык жактан алып карап көрсөк, 70 жыл аттейисттик режимде жашаган жеринен баштайбы анда?  Башка мусулман деп аталган өлкөлөрдөн баштаса болмок. Анын үстүнө Кырыгзстан менен Өзбекстан жаңы бутуна түруп баштаса… Алардыкы биздин мыйзам тарабынан радикалдуу топ деп таанылган. Бул боюнча муфтияттын дагы фатвасы бар.

Ахмадийликти мусулман жамааты катары эсептебейбиз…

Ахмадийликти мусулман жамааты катары эсептебейбиз. Анын ичинде таалаш тартыш маселе көп. Аларда Исламга төп келбеген жерлерди байкайбыз. Айрым мусулман өлкөлөрүндө ахмадийлер бар. Кыргызстанда жок, азырынча ачыкка чыкканын көрө элекпиз. Аларды кыргыздын диний ишмерлери менен салыштыра албайбыз. Бир пикирди такфирийлерге салыштыруунун өзү ката. Такфирий түшүнүктөгү молдолорубуз дагы жок.

“Таблиг-и жамааты” Ахли-Сунна валь Жамаатка туура келет…

Алардын жүрүш-турушу, ойлорунда талаш маселе жок. Аталган кыймыл Индияда башталган. Анын негиздөөчүсү кыймылга ат бербегенин, эгер бергенде “Ыйманды жандандыруучу” деген ысым ыйгараарын айткан. Бирок “Таблиг-и жамааты” деген сырттан берилген ат. Ысымда маселе жок. Аларын кылганы тренингге окшош маселе. Жөнөкөй мусулмандар даватка чыгуу менен өзүнүн динин жакшылар үйрөнгүсү келген бир тартип. Демек, жамаатта тартиптер бар. Саясатка, мазхабдар арасындагы түшүнбөстүктөргө аралашпоо тууралуу эрежелери бар. Бардык эрежелерге баш ийсе эң сонун жамаат болот. Айрым адамдар “Таблиг-и жамаатын” пайдаланып саясатка кирип жатса, биз бардык жамаатты күнөөлөй албайбыз. Жамааттын эрежесин бузган адам Кудай алдында жооп берет.

“Таблиг-и жамааты” технологияга тартылбайт» деген калпыс түшүнүк бар…

“Йакын инкарлар” муфтият койгон эрежелерге макул болбой, өзүм билемдик кылып чыгып кеткени менен айырмаланыт. Негизи даватка чыгып, элди жакшылыкка үндөө эң сонун көрүнүш. Дават системасы менен даватка чыккан 100 миллиондогон адам бар. Булардын арасында түшүнбөстүк болбой койбойт. Бирок булар жеке адамдык түшүнбөстүктөр. Алар да “Таблиг-и жамаатынын” адамдары, “Йакын инкарлар” дагы көбүрөөк жакшылык иштерди кылалы деген ойлору бар. Мектепке жибербей коюу маселеси бар, бирок мындай көрүнүштөрдү башка диний агымдардын дагы көрсөк болот. Адан сырткары, “Таблиг-и жамааты” технологияга тартылбайт» деген калпыс түшүнүк бар. Чындыгында андай эмес. Европа жана башка өлкөлөрдө дагы аталган кыймылдын даватка чыккан өкүлдөрү жок эмес. Алардын арасында технологияны жакшы түшүнгөн IT адистери да бар.

“Таблиг-и жамаатынын” дават кылуу системасында көйгөй жок…

“Таблиг-и жамаатынын” дават кылуу системасында көйгөй жок. Бирок окуу жайды толук бүтпөй калгандар да чыгып жатат. Окумуштуусу дагы сабатсыз эле дааватка чыгып жатат. Балким бизде окумуштуулар дават методу менен чыккан жок болушу мүмкүн. Алар илимге барбай тургандай түшүнүк калтырышы мүмкүн, бирок андай эмес. Даватка чыккандар бири-бирин тааныбашы мүмкүн. Алар окумуштуу, мамлекеттик кызматкер, жөнөкөй адам да болушу мүмкүн. Алар жан дүйнөсү менен берилип жакшы иш кылып жатканы адамдардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп жатат. Албетте, ошончо адамдын ичинен мүнөзү начарыраактар болот. Алсак, 40 күн даватка чыгып келип, кайра эле арак ичкендер да кезигет. Бир адамдын олдоксон аракетинен улам жамааттын барын күнөөлөй албайбыз. Исламдагы «жакшылыкка чакыруу, жамандыктан тыюу» түшүнүгү парз катары каралат. Демек, айрым адамдар бул ишти аткарса башкалар бул иштен жоопкерчиликке тартылбайт. Кээде кырдаалга жараша баарына парз болуп калышы дагы мүмкүн.

“Таблиг-и жамаатында” «жихат кылып, башкалар менен урушкула» деген нерсе жок…

Андан сырткары,»менин гана жолум туура калгандарынын жолу ката» деген түшүнүк дагы туура эмес. Динге чакыруунун түрдүү жолдору бар. Балким бирөө китеп жазат, экинчиси баян айтат… Бул системада дааватчылар элди аралап, үйрөтүү менен бирге үйрөнүү максатын көздөшөт. Айрым маселелер боюнча аалымдарга кайрылуу керектигин дагы айтышат. Негизинен адамдар дааватка ыйманын күчтөнтүү максатында чыгышат. “Таблиг-и жамааты” — уюм эмес, кыймыл. Адамдардын ичинен террористтик уюмдарга кошулуп калгандар болушу мүмкүн. Бирок бул аталган кыймылга мүнөзүү эмес, баары террорист деп айта албайбыз. “Таблиг-и жамаатында” жихат кылып, башкалар менен урушкула деген нерсе жок. Эрежелерин карап көрүш керек. Бул кыймылдын мүчөсү Европага барып жардыруу жасаган жери жок. Алар андай ишке барбайт. Бул тарыхый кырдаалдан караганда да ушундай. “Таблиг-и жамааты”  менен таанышып, мусулман болгон соң салаф болуп кеткендер да кездешет.  “Хизб ут – Тахрирге” кошулуп кеткендер да бар. Бирок бул  “Таблиг-и жамааты”  ошондой нерсеге алып барат деген түшүнүк эмес.

Токтогулова:

“Таблиг-и жамааты” — радикалдык же экстремисттик эмес, динди жандандыруучу кыймыл…

“Таблиг-и жамаат” радикалдык же экстремисттик кыймыл эмес. Ал — дин таратуучу кыймыл. Алардын өзгөчөлүгү динди мусулмандын арасында жайылтат, тагыраак айтканда “Таблиг-и жамаат” динди жандандыруучу кыймыл. Айрымдар аны «уюм» деп да айтып жүрүшөт, бирок андай эмес. Булардын иш-аракеттерине катышкандарда мүчөлүк милдети жок. Каалаганда кирип, каалаганда чыгып жүрүшөт. Андыктан туруктуу өкүлдөрү бар деп айтуу кыйын. “Таблиг-и жамаат” Батышта, Азия өлкөлөрүндө изилденген, бул багытта фундаменталдуу иштер жазылган. Бир катар окумуштуулардын жыйынтыгына ылайык, “Таблиг-и жамаат” экстемисттик кыймыл эмес.

“Таблиг-и жамааты”  мамлекетке коркунуч туудурбайт…

Ал эми советтик өлкөлөрдө динге эркиндик берилген соң бул абдан өнүгүп, жайылып кетти. Ошого байланыштуу “Таблиг-и жамааты” “кандайдыр бир коркунуч туудурушу мүмкүн” деп, биздин кошуна өлкөлөр тыюу салышты. Алырдын өздөрүнүн жүйөлүү себептери болушу мүмкүн. Бирок Кыргызстан аталган кыймылга тыюу салган жок. Аны туура деп эсептейм. Анткени бул  кыймылдын экстремисттик идеологиялары, чакырыктары жок, демек мамлекетке коркунуч туудурбайт. Экинчи жагынан, мамлекет “Таблиг-и жамааты” менен иштешип, көзөмөлгө алууну жакшы эле аткарды. 2015-жылдары “Таблиг-и жамаат” кыймылына тыюу салуу аракеттери болду.  Дин комиссиясы “Таблиг-и жамаатын” жөнгө салуу үчүн көп аракеттер жасалды. Мисалы, бала-чакасын таштап даватка чыгып кетпеши үчүн атайын уруксат кагазын киргизишти. Биздин салтка туура келбеген кара түстөгү кийимдерди кийип алган көрүнүштөрдү ондоо боюнча да аракеттер жасалган. Муфтий өзү да “Таблиг-и жамаатынын” өкүлү. Бул башкалар тарабынан сынга алынып келет. Мавксат ажы Токтомушевдин муфтий болушу ошол “Таблиг-и жамаатка” таасир эткенге пайдалануу үчүн аткрарылган иш болсо керек деп ойлойм. Тагыраак айтканда, булар өзүнүн лидерин жакшыраак угат, “Таблиг-и жамаатты” жөнгө салуу жеңилирээк деген мааниде аткраылган иш болсо керек.

“Таблиг-и жамаатка” тыюу салуу туура эмес…

“Йакын инкарлар”  “Таблиг-и жамаатынан” бөлүнүп чыкты. Бирок “Таблиг-и жамаатнын” дүйнөлүк тажрыйбасын алып карасак эч жерде алардын ичинен бөлүнүп чыккан “Йакын инкар” деген тобу жок. “Йакын” – жүз пайыз динге ишенүү деген маанини туюнтат. Бир гана Кыргызстанда булар “Таблиг-и жамаатынан” бөлүнүп чыккан топ катары көрсөтүлүп жүрөт. Демек муну изилдеш керек, жок жерден каралоо туура эмес. Изилдебей туруп радикалисттер, экстремисттер деген туура эмес. “Таблиг-и жамаатына” эркиндик берүүнүн жакшы жагы бар, эгер алдарга тыюу салсак алар радикалисттерге жа башкаларга кошулуп кетүүсү абдан оңой. Азыр жышыруун эмес ачык эле иштеп жатышат. Эгерде коркунуч туудурса аны аныктаган соң гана жабыш керек деген сунушту айтам.

 “Таблиг-и жамааты” Исламдын негиздерин үйрөтөт…

“Йакын инкарлардын” балдарын мектепке жибербей койгону чоң маселе. Кыргызстан динден сырт мамлекет болгондуктан окуучулар билим алууга милдеттүү. Мындай маселелр чечилиши керек. Бир кыймылдын ичинде башка пикирдеги жаңы нерселер сыгышы мүмкүн. Мисалы, Бангладеште аялдар тарабынан жаңы нерсе чыккан. Алар эркектерсиз талимдерин уюштуруп чыгышкан. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Эгерде коомго коркунуч туудурса аны жөнгө салуу керек, бул мамлекеттин иши. Эч убакта “бул жалаң оң же терс” деп айтпаш керек. Ошондуктан изилдеп, терс жактарын жөнгө салуу зарыл. Негизинен алганда “Таблиг-и жамаат” радикалисттик, экестремисттик кыймыл эмес. Аны мусулман изилдөөчүлөр дагы айтып чыгышкан. Окумуштуулар айткандай,  “Таблиг-и жамаатында” экстремисттик идеологияларга чакыруу деген түшүнүк жок. Булар Исламдын негиздерин үйрөтөт. Андан соң динди жаңы үйрөнгөн адамды башкалар тартып кетиши мүмкүн. Бул жагынан келгенде  “Таблиг-и жамааты”  бир пайдубал болуп  бериши мүмкүн деген жыйынтык жаралууда. Музыкага тыюу салып, сыналыгы көрбөөгө чакырган учурлары кездешкен. Биз эки жагын карап көрүшүбүз керек. Мынды тыюу салганга эмес жөнгө салууга аракет кылышыбыз керек.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache