Шашылыш кабар:

Жер чыры: Мэриянын жооптуу кызматкерлери камалды

Жер чыры: Мэриянын жооптуу кызматкерлери камалды
Саясат
0

Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Бишкектин биринчи вице-мэри Ренат Макеновго айыбы угузулуп, тергөө бүткүчө камакка алынды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-июлда биринчи вице-мэр Ренат Макеновдун бөгөт чарасын карап, аны тергөө аяктаганга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Макенов менен кошо камакка алынган мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзакановдун бөгөт чарасы тууралуу маалымат бериле элек.

Алар «Бишкектин 12-кичи районундагы 3,5 гектар жерди жеке жактарга мыйзамсыз берип жиберген» деп шектелүүдө. Экс-депутат, архитектор Ишенбай Кадырбеков Бишкекте жерлер кандай айла-амал менен менчиктештирилип кетип жатканын айтып берди.

Жер бир жылга ижарага берилгенден кийин эч бир капиталдык курулуш салууга уруксат берилбейт. Болгону павильон орнотууга гана уруксат берилиши керек. Бирок азыр бир жылга алган жерлерге капиталдык курулуштарды салып жатышат. Эгер 9 кабаттуу үй куруп салган болсо, аны эксплуатацияга бергенде ошол кабаттуу үйдүн айланасындагы жер кошо кетип калат. Ошентип Бишкекте чоң коррупциялар ушундан болуп жатат.

УКМК тараткан маалыматка ылайык 2014-жылы Муниципалдык менчик башкармалыгы эки жаранга 12-кичи райондон 3,5 гектар жерди бир жылдык колдонууга берген. 2015-жылы аталган коомдук колдонуудагы жерге курулуш кылуу чечими чыгарылган. Ал эми 2017-жылы ал жер төрт тилкеге бөлүнүп сатылып кеткен.  Ошол кезде Муниципалдык менчик башкармалыгын Макенов жетектеп турган.

Бишкекте жер маселесин мэриядагы атайын комиссия чечет. «Биздин укук» коомдук фондунун жетекчиси Калича Өмүралиева «бирок ал комиссиянын чечимине мэр кол койбойт» дейт. Ушундан улам берилген жерге аталган комиссия дагы же калаа башчысы дагы жооп бербейт.

-Жерди берүүдө азыр комиссия чечим кабыл алат, анан ошол чечимдин негизинде келишим түзүлөт. Мурун комиссиянын сунушу менен мэр токтом чыгарчу. 2011-жылы мунун баарын өзгөртүп, мэрлер кол койбой калган. Бул туура эмес. Эми азыр ким күнөөлүү – комиссия күнөөлүү болуп жатат. А комиссиянын ичинде жалпы 30га чукул адам болот. Биз прокуратурага кайрылып арызданып жатып, депутататтарды комиссиядан чыгарганбыз.

Жер маселесин караган комиссияга «Бишкек башкы архитектура» ишканасынын, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери райондордун акимдери кирет. Мурда аталган комиссияга шаардык кеңештин депутаттары дагы мүчө болсо ушул жылдан тарта Башкы прокуратуранын чечими менен депутаттар комиссияга мүчө болуу укугунан ажыратылган. Өмүралиева «бул чечим туура болгон» десе, шаардык кеңештин депутаты Канатбек Мүзүралиев тескерисинче ага каршы. Ал «мэрия жең ичинен чечилген жерлер коомчулукка ачыкка чыгып кетпеш үчүн депутаттар аталган комиссиядан чыгарылды» деп эсептейт.

Мүзүралиев «кайсы бир жер тилкесин берүүдө мэр кол койбогону менен, анын кийлигишүүсүз бир дагы маселе» чечилбесин айтып жатат. Ал мыйзамсыз берилген деп бир топ жердин дагы атын атады.

-Шаардын түштүк аймагында — Масалиев проспектисинен өйдө 3 гектар эле эмес, көп эле жерлер алынган. Мисалы буга чейин дагы Ихлас курулуш компаниясы 2 гектар 80 сотых жер алган экен. Эми болсо 3 гектар жер мыйзамсыз берилип кеткени айтылып жатат. Ошондой эле «Ала-Тоо» ресторанынын жанында порохторду кармай турчу склад бар. Ал жердеги 1 гектардай жерди шаар мэри Албек Ибраимов чыгарып алган деген кептер жүрүп жатат. 2017-жылы кайсы жерлер мыйзамсыз алынып кетсе, азыркы шаар бийлигинде отургандардын катыштыгы бар.

Дагы бир кызыктуу жагдай буга чейин жер маселелери боюнча вице-мэр Бакытбек Дүйшөмбиев иш алып келген. Бирок Ренат Макеновдун биринчи вице-мэр болушу менен жер иштери анын карамагына өткөн. Мүзүралиев бул дагы бир топ күмөн ойлорду жаратып жатканын билдирди. Анткени биринчи вице-мэр каржылык иштер менен гана алек болушу керек болчу. Ал арада Канатбек Мүзүралиев Бишкек мэриясынын кызматкерлеринин камакка алынганына байланыштуу шаардык кеңешти кезексиз сессияга чакыруу маселесин көтөрдү.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев бул маселе учурда каралып жатканын айтып, кезексиз сессия болушу мүмкүн экенин ырастады.

-Биз бул маселени фракция жетекчилери менен талкуулап жатканбыз, жалгыз эле бир депутат көтөргөн жок. Негизи регламентте да андай нерсе жок. Эми бул жалпы шаарга таасири тиет. Ошондуктан шаардын жетекчисинен да эмнеге мындай болгонун такташыбыз керек.

Ренат Макенов менен Урмат Мурзакановго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча иш козголгон. Макенов биринчи вице-мэр болуп былтыр август айынан бери иштеп келе жата.

Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектеги 3,5 гектар жердин менчикке берилиши боюнча ушул жылдын 5-июнунда Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш ишин козгогон. Кийин бул ишке 303-беренеси дагы (Коррупция) кошулган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache