Шашылыш кабар:

Айдоо аянты өткөн жылга салыштырмалуу 8,3 миң гектарга көбөйдү

Июль 9th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Айдоо аянты өткөн жылга салыштырмалуу 8,3 миң гектарга көбөйдү
Коом
0

Быйыл аба ырайы жаанчыл болгондуктан дыйканчылык аянттарын массалык түрдө отоо чөптөр басып, зыянкечтер да пайда болгон. Буга байланыштуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги өз убагында зыянсыздандыруу иштерин алып баргандыгын билдирет. Маселен, чегиртке зыянкечтери менен күрөшүүдө 162,2 миң га жер изилденип, 136,5 миң га аянтка химиялык тазалоо жасалды. Ошондой эле түшүм жыйноо мезгилине карата техника жана күйүүчү майлоочу майлар менен камсыздалган. Мындай маалымат менен Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги маалымат жыйынында бөлүштү.


Жазда жана июнь айында аба-ырайы жаанчыл болгондуктан, себүү аянттарында массалык отоо чөптөр пайда болгон. Бул өз кезегинде оорчулук жараткан. Буга байланыштуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги гербицид менен отоо чөптөргө каршы 183,1 миң га аянтты иштетти. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 69,4 миң гектарга көп. Адистердин айтымында өлкө аймагында ар бир 8-12 жылдын аралыгында массалык турдө чегиртке басып турат. Бул жылы да массалык көбөйүү байкалган. Маселен өткөн жылы 107 миң га иштетилсе, быйыл 128 миң га иштетилген. Зыянкечтерден убагында арылуу максатында атайын техникалар алынып, тазаланды. Бул туурасында Айыл чарба министрлигинин Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин бөлүм башчысы Алмаз Алакунов билдирди.

Чегиртке каптаган жер 136 миң 479 га. Анын ичинен 128 миң 299 га иштетилди, башкача айтканда 94% иштетилди. Өлкө аймагы боюнча Ысык-Көл облусунан башка бардык аймакта каптады. Нарын облусунда көбүрөөк. Нарын обулуснда 64 миң га чегиртке баскан, анын ичинен 88% иштетилип бүттү.

Негизи быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү аянты жалпысынан өткөн жылга салыштырмалуу 8,3 миң гектарга көп. Маалыматка ылайык, акыркы 5 жылда пайдаланылбаган айдоо аянттары 110 миң гектардан 67, 3 миң гектарга чейин азайган. Бул туурасында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев айтат.

Иш-чаралардын негизинде мурда пайдаланылбай калган жерлерди да ишке киргиздик. Бул биздин министрликтин приоритеттүү багыты. Быйыл 8,3 миң гектарга көп.

Ал эми түшүм жыйноо иштерине карата техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн  ичинен комбайндардын 78%, тракторлордун даярдыгы 91%, трактордук чөп тырмоолор 95%, чөп таңгычтардын 93% даяр. Маалыматка ылайык, ар бир комбайнга оруп жыйноо жеринен 200га туура келет. Механизация жана энергетикалык камсыздандыруу департаментинин директору Нурлан Кожогуловдун айтымында ушул жылдын эсеби менен 300 млндон ашык суммага 157 техника алынды.

-Дыйкандарды айыл чарба техникалары менен камсыздоо боюнча 6 проект иштеп жатат. Долбоорлор мамлекет тарабынан жеңилдетилген шарттарда насыя түрүндө берилип жатат. Мөөнөтү 7 жылдан 10 жылга чейин 6-9% менен. Долбоор башталгандан бери 3 млрд сомго 2500 дөй техника алынды. Андан сырткары өкмөт тарабынан жер-жерлерде МТС түзүү шарттары каралып жатат.

Ал эми суугат иштери пландын негизинде жүрүп жаткандыгын министрликтен билдиришти. Быйыл 1% көбүрөөк болуп 83% түздү. Биринчи вегетациялык суугарууда 822,2 миң га сугарылса, экинчи  суугарууда артта калуу бар.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache