Шашылыш кабар:

Эрдоган Кыргызстан тууралуу жаңы пикир билдирди

Июль 9th, 2018 | by Орозгүл Арстанова
Эрдоган Кыргызстан тууралуу жаңы пикир билдирди
Дүйнө кабарлары
0

Түркиянын жаңы шайланган президенти Эрдоган Кыргызстан тууралуу пикир билдирди.

Түркияда 24-июндагы президенттик жана парламенттик шайлоодо жеңип чыккан Эрдоган өзүнүн “АК” партиясынын жабык жыйынында Түркиянын мындан аркы тышкы саясаты тууралуу кеп салды. Анда ал Борбор Азия, анын ичинен Кыргызстан менен мамиле жандана турганын айтты.

“Орусия менен мамилебиз ансыз да өз нугунда өнүгүп жатат. Орто Азия менен болсо мамилебиз жаңылануунун башталышында турат. Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан менен болсо ансыз деле мамилебиз жакшы. Өзбекстан менен болгон мамилебизде жаңы терезе ачылды десем болот. Ал эми Кыргызстан тууралуу айтсам, биздин “талылуу маселелер” боюнча айткандарыбыз аткарыла баштаса эле, өтө тез өнүгө турган кызматташтыктын алдында турабыз”.

Маалым болгондой, Түркия менен Кыргызстандын мамилеси акыркы кезде солгундап кеткен. Буга чейин Түркия Кыргызстандагы “Сапат” мектептерин жабуу боюнча сунуш киргизген. Бирок кыргыз бийлиги алардын сунушун четке кагып, башка өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөгө чакырган. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков бийликке келген соң, алгачкы визиттеринин бирин Түркияга жасаган. Андан бери кызматташтык кайра жандана баштаган.

Ал эми бүгүн Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кайра Түркия өлкөсүнө сапар тартты. Анда ал Эрдогандын президенттик ант берүү аземине катышат. Белгилей кетсек, Түркия буга чейин парламенттик өлкө болгондуктан, президенттин ант берүү аземи тар чөйрөдө өтүп келген. Бул ирет алгачкы жолу өтө чоң салтанат менен ант берүү аземи уюштурулууда. Ага бир катар өлкөлөрдүн президенттери катышат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache